Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

МИК: Ипотекага алынган үйлөрдү ижарага берүүгө болбойт

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) ички жобосу боюнча ипотекага алынган үйдүн акчасы толук төлөнүп бүтмөйүнчө аны ижарага берүүгө жана сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы 21-январда жеңилдетилген программа аркылуу алынган батирлерди ижарага берүүнүн мыйзамдуулугу тууралуу социалдык тармактарда жүрүп жаткан талкууга жооп кылып билдирди.



Мекеме батирлерди жалаң гана үй-жайы жок жарандарга сунуштай турганын белгилеп, ипотекалык программа аркылуу батирдин наркынын 50% төлөгөн адамдар да үй ала аларын маалымдады.



"Биз батирлерди ижарага берүүгө же сатууга тыюу салган нормаларды киргиздик. Ипотекалык батирдин толук акысын төлөгөндөн кийин сатабы же ижарага береби, үй ээсинин өз эрки болот. Азырынча бизге караштуу мамлекеттик ипотекалык батирлердин ачкычтары гана берилген. Банктын жана биздин компаниянын расмий документтери аркылуу бул үйлөрдү толук колдонуу боюнча дагы бир нече этап бар. Биз тараптан толук расмий макулдашуулар жана банктын бардык зарыл жол-жоболор аяктаганга чейин батирлерди ижарага берүү мыйзамсыз жана бул биздин иш эрежелерибизге карама-каршы келет. Ипотекалык батирлерди эч ким ижарага бере албайт", -деп жазылган маалыматта.



Мамлекеттик ипотекалык компания бул багытта иш жүрүп жатканын жана жакынкы убакытта бардык суроолор боюнча так эрежелер ишке киргизилерин кошумчалады.


Былтыр 16-декабрда Бишкектин Скрябин көчөсүндө Мамлекеттик ипотекалык компания курган 549 батир, 24-декабрда №47 түзөтүү колониясынын ордуна түшкөн “Мурас” турак жай комплексинен 510 батир ээлерине берилген.


21-январда социалдык тармактарда жакында эле мамлекеттен ипотекалык программа менен алынган батирлер ижарага берилип жатканы тууралуу жарнамалардын сүрөттөрү жарыяланып, мунун мыйзамдуулугу талкууга түшкөн.




Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул тапта 40 миңден ашуун адам мамлекеттик ипотекага кезекте турат.



Быйыл жыл башында “Менин үйүм 2021-2026” программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган мамлекет башчы Садыр Жапаров МИК жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштарын билдирген. (ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *