Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кемин районунда Күн нурунан иштей турган электр станциясы курула баштады

Чүй облусунун Кемин районунда Күн нурунан иштей турган электр станциясынын курулушу башталды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулуштун пайдубалына капсула салып жатып бул Кыргызстандын планета алдындагы жоопкерчилигин дагы тастыктай турган аракет экенин белгиледи. Бул тууралуу 21-январда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Касымалиев Күн нурун бул багытта пайдалануу өлкөнүн энергетикалык көз каранды эместиги үчүн маанилүү экенин кошумчалады:


“Бул иш-чара биздин планета алдындагы жоопкерчилигибизди, жаратылышты сактоо жана ресурстарды сарамжал пайдалануу зарылдыгын тастыктайт”.



Адылбек Касымалиев долбоорду ишке ашырууга жардам берген кытайлык өнөктөштөргө, Шэнси провинциясынын өкмөтүнө жана инвесторлорго эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстанда жаңыланып туруучу энергиянын потенциалы зор экенин, аны туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн колдонуу керектигин айтты.




Маалыматта айтылгандай, кубаттуулугу 100 МВт болгон станция жылына 155 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуу менен көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну 140 миң тоннага жана көмүргө болгон керектөөнү 50 миң тоннага азайтат. Ишкананы курууда 500гө жакын жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.



Буга чейин Энергетика министрлиги Нарындагы Семиз-Бел жана Кызарт аймактарында Күн жана шамал электр станциялары куруларын билдирген.



2023-жылы мартта президент Садыр Жапаров “Энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда Күн, шамал жана энергиянын жаңыланып туруучу башка да булактарын өркүндөтүү үчүн станция курууга бир катар жеңилдик берүү каралган. (КЕ)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *