Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШда чек арада колдонулган CBP One миграциялык тиркемеси иштебей калды

Мексиканын чек ара пункту аркылуу АКШнын аймагына өтүү үчүн колдонулган CBP One миграциялык тиркемеси жабылды. Тиркемени АКШнын Бажы жана чек ара кызматы иштеп чыккан. Эми кызматтын веб-сайтындагы жарыяда программа мындан ары иштебей турганы жана буга чейинки каттоо жокко чыгарылганы жазылып турат.


Интернетте тараган айрым тасмалардан АКШ жана Мексика чек арасында турган мигранттардын чек арачылар менен жолугушуусун көрүүгө болот. Анда элге чыккан кызматкерлер чек арадан өтүүгө тыюу салынганын айтып түшүндүрүүдө. Журналисттер бул видео качан тартылганын аныктай алышкан жок.




Euronews жазган маалыматка караганда, CBP One тиркемеси аркылуу чек ара жана бажы кызматтарына алдын ала катталып, АКШда эмне менен алектенери тууралуу кабар берип, күнүнө болжол менен 1450 адам чек арадан кирип турган. Тиркеменин колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү Куба, Венесуэла, Гаити жана Мексиканын жарандары болгон. Аталган система иштеп турган чакта бир миллиондон ашык мигрант АКШга кирүүгө мүмкүндүк алганы айтылат.


Буга чейин "Азаттыктын" кабарчылары менен сүйлөшкөн борборазиялык мигранттар да АКШга кирүү үчүн CBP One тиркемесин колдонорун айтып беришкен.


20-январда Дональд Трамп АКШнын президенти кызматына расмий киришип жатып сүйлөгөн сөзүндө Кошмо Штаттардын түштүктөгү чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялай турганын, мыйзамсыз мигранттар АКШга кирбестен, Мексикада каларын шарттай турган саясатка басым жасарын айткан:


“[АКШга] мыйзамсыз киргендердин баары дароо токтотулат жана биз миллиондогон, миллиондогон кылмыштуу чоочундарды келген жагына кайтаруу жараянын баштайбыз”.




CNN жазганына караганда, иммиграция темасы Трамп үчүн абдан маанилүү. Анын командасы даярдап жаткан буйруктар топтомунда бул чөйрөдөгү саясатты түп-тамыры менен өзгөртүү каралган. Ал чечимдер АКШда жашап жаткан жана Мексика менен чек арада башпаанек издеген келгиндерге таасир этет деп айтылууда.


Трамп 2017-2021-жылдары Ак үйдө отурганда эле мыйзамсыз жана мыйзамдуу иммиграциянын кыскарышын жактап чыккан. Анын администрациясы башпаанек берүү, депортация жана виза берүүнү тескеген саясатты өзгөртүү боюнча бир катар чараларды кабыл алган.(AiA)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *