Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түркия: "Карталкая" лыжа базасындагы өрттөн набыт болгондор 70тен ашты

21-январдын кечинде Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая Болу провинциясындагы "Карталкая" лыжа базасындагы мейманканада чыккан өрттөн набыт болгондордун саны 76га жеткенин айтып, 45 сөөктүн тек-жайы аныкталганын кошумчалады. 50дөн ашуун кишинин абалы оор экени кабарланды. 


Түрк өкмөтү окуяга шектүү төрт киши кармалганын кабарлады. 22-январда аза күтүү күнү жарыяланды.


Өрт 21-январда таңкы саат үчтө 237 адам жашаган, жыгачтан курулган 12 кабаттуу мейманкананын ресторанында башталган. Кеминде эки киши терезеден секирип каза болгон. Айрымдары бөлмөлөрүнөн шейшеп жамынып качып чыгууга аракет кылышкан.


Тилсиз жоонун келип чыккан себептери азырынча белгисиз. Түрк өкмөтү иликтөө жүргүзүү үчүн алты прокурорду дайындаганын кабарлады. Окуя болгон жерге ондогон өрт өчүрүүчү жана 38 "Тез жардам" кызматы жөнөтүлгөн.




Мейманкана тоо боорунда жайгашкандыктан куткаруу иштери кыйын болду. Өрт 10 сааттан кийин гана өчүрүлгөнү маалымдалды. Мейманкананын жанындагы башка имараттардын эс алуучулары эвакуацияланып, коопсуз жайга жайгаштырылды.


Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) "Карталкая" лыжа мейманканасында чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жоктугун билдирген. (AiA)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *