Бул арада Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылыгына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин жактырды. Эл өкүлдөрү маселени талкуусуз карап, суроо-жооп болгон жок. Ташиев кызматтан алынгандан кийин Шабданбеков төраганын милдетин аткаруучу болуп дайындалган эле.