Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Февраль
2026

Новости за 16.02.2026

Azattyk.org 

Индонезия Газадагы тынчтык миссиясына 8 миң аскер жиберүүгө даяр

Индонезиянын аскер күчтөрү 15-февралда билдиргендей, Газада орнотулары күтүлүп жаткан гуманитардык жана тынчтык миссиясына 8 миңдей аскер жиберүүгө даяр. АКШ президенти Дональд Трамп согуш бүткөндөн кийин Газаны калыбына келтирүү боюнча cунуштаган планда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эл аралык тынчтык күчтөрү зарыл экени айтылган. Индонезия өкмөтү биринчилерден болуп канча аскер жибере аларын так билдирди. Армиянын өкүлү бригадалык генерал Донни Прамоно билдиргендей, 12-февралдагы жыйында кабыл... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМКнын Бишкек башкармалыгынын экс-жетекчиси Жакыпбеков эки айга камалды

16-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимге ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков 15- апрелге чейин камалды. Маалыматка караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып тагылууда. Жакыпбековдун жакындары же адвокаттары азырынча комментарий бере элек Элдар Жакыпбековдун кармалганы тууралуу маалымат 15-февралда чыгып, социалдык тармактарда ал... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМКны Шабданбеков башкарат. Жакыпбеков кармалды, Жумабеков иштен алынды

Бул арада Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылыгына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин жактырды. Эл өкүлдөрү маселени талкуусуз карап, суроо-жооп болгон жок. Ташиев кызматтан алынгандан кийин Шабданбеков төраганын милдетин аткаруучу болуп дайындалган эле.

Azattyk.org 

Навальныйды эскерүү акциясында апасы бийликтен адилеттүүлүктү талап кылды

Орусиядагы оппозиция лидери, маркум Алексей Навальныйдын апасы уулу ууландырылып өлтүрүлгөнүн европалык лабораториялардын жыйынтыгы ырастаганын билдирди. Ал Түштүк Америкадагы уулуу бакалардан алынган токсин колдонулганын айтып, "биз башынан эле билгенбиз... ал өлтүрүлгөн" деди. Навальный 2024-жылдын 16-февралында абакта каза болгон. Людмила Навальная бул сөздөрдү Москванын Борисовск көрүстөнүндө өткөн эскерүү иш-чарасында айтты. Анда ондогон адамдар Навальныйдын өлүмүнүн эки жылдыгына чогулушту. Читать дальше...

Azattyk.org 

Шаирбек Ташиев: 12 млрд сом мүлк кагазда эле, чындыгында андай жок

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев ага каршы козголгон кылмыш иши жок экенин айтып, камакка алынганы тууралуу маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда айтып, акыркы саясий окуялар, декларациясында көрсөтүлгөн 12 миллиард 637 миллион сомдук мүлк тууралуу суроолорго жооп берди.

Azattyk.org 

Мугалимдерди кемсинткен окуучунун ата-энесине айып пул салуу сунушталууда

Агартуу министрлиги мектептерде мугалимдерге акарат келтирип, кемсинткен окуучулар үчүн алардын ата-энесине же камкорчуларына айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Министрлик бул азыркы учурда мугалимдерди коргоо алсыз болуп жатканын, чыр-чатактарды тескөөдө бирдиктүү механизм жоктугун, ал эми азыркы мыйзамдар жана нормалар педагогдорго жетиштүү кепилдик бере албасын белгилөөдө. "Педагогикалык кызматкерлердин жана коомдук уюмдардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча... Читать дальше...

Azattyk.org 

HRW Казакстандын Конституциясынын жаңы долбоору боюнча кооптонуусун билдирди

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Казакстандын Конституциялык комиссиясы сунуштаган өзгөртүүлөр бийлик бутактарынын ортосундагы теңсалмактуулукка жана адамдын негизги укуктарына коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертти. Казак бийлиги бул реформаны "мыйзамдуулукту жана тартипти" бекемдөөгө жана саясий системаны модернизациялоого багытталган кадам деп мүнөздөсө, HRW айрым жоболор бүдөмүк жазылганын белгилейт. Айрыкча коомдук тартиптин жана адеп-ахлактын кызыкчылыгы үчүн укуктарды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркмөнстандын өкмөтүндө жана күч түзүмдөрүндө ири кадрдык өзгөрүүлөр болду

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 14-февралда Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өкмөттөгү, күч түзүмдөрүндөгү жана мамлекеттик концерндердеги ири кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу жарыялады. Генерал-майор Назар Атагараев Улуттук коопсуздук министри кызматынан "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" бошотулду. Анын ордуна генерал-майор Довлетгелди Мередов дайындалды. Министрликтеги жетекчилик курамдын жаңыланышы 13-февралда өткөн өкмөттүн кеңейтилген жыйынында башталган кадрдык өзгөрүүлөрдүн уландысы болду. Читать дальше...

Azattyk.org 

№13 округдагы шайлоо: 25 талапкерге 7 млн 500 миң сом күрөө кайтарылат

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо жокко чыгарылгандыктан бул округдан 300 миң сомдон күрөө төккөн 25 талапкерге 7 млн 500 сомду кайтарып берет. Мындай чечим Боршайкомдун 16-февралдагы отурумунда кабыл алынды. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Боршайкомдун кайра шайлоону жокко чыгаруу чечимине каршы талапкер Каныбек Базарбаев Бишкектин административдик сотуна арыз жазып, ал четке кагылганын айтты. Эгер эки күндүн ичинде... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тилемчилик кылгандарга жазаны катаалдатуу сунушталды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстандагы коомдук жайларда тажатма тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү үчүн аларга айып пул салууну, чет жактан келген кайырчыларды мекенине депортациялоону сунуштоодо. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 16-февралдагы отурумунда "Укук бузуулар кодексине", "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча" мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. Жыйында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев баяндама жасап... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Кыргыз мунай компаниясынын" жетекчиси алмашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жарлыгы менен Айвар Моңолдоров Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулду. Адылбек Касымалиевдин башка жарлыгы менен анын ордуна Тимур Малбашев дайындалды. Тимур Малбашекв былтыр март айында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп дайындалып, ноябрда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен кызматтан кеткен.(ZKo)

Azattyk.org 

Эки жумадай коомчулукка көрүнбөй калган Рахмон Кытай лидерине видеокуттуктоо жолдоду

Эки аптадан бери коомчулукка чыкпай жаткан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушуу өткөрүп, Кытай лидери Си Цзинпинге видеокуттуктоо жолдоду. 14-февралда Рахмондун басма сөз кызматы анын Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын башчысы Цзоу Цзяи менен жолукканын кабарлап, фото жана видео материалдарды жарыялады. Маалыматка ылайык, тараптар Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушу жана Нурек ГЭСин модернизациялоо долбоорлорун талкуулашкан. 15-февралда тажик лидери Си Цзинпинди кытай Жаңы жылы менен видео аркылуу куттуктады. Читать дальше...

Azattyk.org 

БШК: Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган жок

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатынан баш тартуу боюнча арызын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жаза элек. Бул тууралуу Боршайкомдон "Азаттыкка" маалымдашты. "БШК 16-февралдагы отурумунда сегиз маселе карайт, алардын ичинде депутаттын мандатынан баш тартуу боюнча арызын кароо маселеси жок", - деп билдирди БШК мүчөсү. 16-февралда бир катар маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатынан баш тартууга даяр экенин... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМКнын Оштогу жетекчиси кызматтан алынганы кабарланды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Салмоор Жумабеков кызматынан алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" күч түзүмдөрүнөн кабарлашты. Ага ылайык, Жумабеков УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу Жумгалбек Шабданбековдун буйругу менен кызматтан алынган. УКМК жана Башкы прокуратура азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек. Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан бошотулган. Читать дальше...

Azattyk.org 

2025-жылы Кыргызстанга сырттан 3,4 млрд доллар которулду

Улуттук банктын маалыматында, 2025-жылы Кыргызстанга чет жактардагы жеке адамдардан 3 млрд 491 млн доллардан ашуун акча которулган. Мунун ичинен басымдуу бөлүгү - 3 млрд 231 млн доллар Орусиядан которулган. Алыскы чет өлкөлөрдөн жалпы 198 млн доллар, АКШдан 107 млн, Казакстандан 35 млн доллар, Түркиядан 11 млн, Түштүк Кореядан 2 млн доллар келген. Улуттук банктын маалымдашынча, 2025-жылы Кыргызстандан Орусияга 329 млн доллар, КМШ өлкөлөрүнө 340 млн, АКШга 1 млн доллар которулган. Башкы банк бул акчаны... Читать дальше...

Azattyk.org 

Шаирбек Ташиев агасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча комментарий берди

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев ага каршы козголгон кылмыш иши жок экенин айтып, камакка алынганы тууралуу маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда айтып, акыркы саясий окуялар, декларациясында көрсөтүлгөн 12 миллиард 637 миллион сомдук мүлк тууралуу суроолорго жооп берди. “Мен жолуктум (ред: Камчыбек Ташиев менен). Бир тууган болгондон кийин чогуубуз. Ага-ини катары жакшы мамиледебиз. Ата-энебиз дүйнөдөн өткөндөн кийин Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн атасы да, апасы да ушул киши болуп калган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте экинчи "Эне үйү" борбору ачылды

Бишкекте турмуштук оор абалда калган балалуу аялдарды колдоо үчүн "Эне үйү" деп аталган экинчи ресурстук борбор ачылды. Долбоор кош бойлуу жана жаш аялдарга психологиялык, медициналык жана социалдык-укуктук жардам берүү менен аларды баласынан баш тартуусунун алдын алууга багытталган. Долбоордун алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Балдар укугун коргоо лигасы" жана Mother’s Home International Foundation фонду менен кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Министрликтин маалыматында... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Өз арызы менен кетсе кармабайбыз". Кадрдык өзгөрүүлөр

Өткөн апта башында Ташиевдин күтүүсүз отставкасынан кийин күч түзүмдөрүндө жана башка тармактарда бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Алгач УКМКдан башталган кадрдык алмашуулар, парламент, өкмөт, прокуратурага чейин жетти.

Azattyk.org 

Бишкекте реабилитациялык борбордо каза тапкан эки адамдын иши иликтенүүдө

Борбор калаадагы "Бишкек-Маяк" реабилитациялык борборунда дарыланып жатып, каза тапкан эки бейтаптын өлүмү иликтенүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 16-февралда маалымдады. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан бул адамдардын өлүмүнүн бардык жагдайларын аныктоо боюнча зарыл ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлөт жана анын негизинде юридикалык баа берилет. Атайын кызмат Бишкекте "Хидальго", "Решение" жана "Бишкек-Маяк" деп аталган үч реабилитациялык борбор мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталганын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт

17-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9... Читать дальше...

Azattyk.org 

Медер Машиев жаратылыш ресурстары министри кызматынан бошотулду

Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады. Жарлыкта Машиевдин кызматтан алынышынын себеби көрсөтүлгөн эмес. 54 жаштагы Медер Машиев 2024-жылдын сентябрь айынан бери министрликти жетектеп келген. Ал ага чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарлыгын аркалаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаровдун 16-февралдагы буйругу менен Бообек Ажикеев Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Бообек Ажикеев Өзгөчө кырдаалдар министрлигин 2020-жылдан бери башкарып келе жаткан. Мамлекет башчы ушул эле күнү Транспорт жана коммуникация министрин да кызматтан алган.(ZKo)

Azattyk.org 

Президент транспорт министри Абсаттар Сыргабаевди кызматтан алды

Президент Садыр Жапаров транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевди кызматтан алды. Бул тууралуу 16-февралда “Ынтымак ордонун” басма сөз кызматы билдирди. 49 жаштагы Абсаттар Сыргабаев буга чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. 2020-жылы октябрда Жалал-Абад облусунун жетекчиси кызматын аркалаган. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо ошол кезде Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев башында турган “Мекенчил” партиясынан талапкер болгон. Читать дальше...




Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *