Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Индонезия Газадагы тынчтык миссиясына 8 миң аскер жиберүүгө даяр

Индонезиянын аскер күчтөрү 15-февралда билдиргендей, Газада орнотулары күтүлүп жаткан гуманитардык жана тынчтык миссиясына 8 миңдей аскер жиберүүгө даяр.

АКШ президенти Дональд Трамп согуш бүткөндөн кийин Газаны калыбына келтирүү боюнча cунуштаган планда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эл аралык тынчтык күчтөрү зарыл экени айтылган. Индонезия өкмөтү биринчилерден болуп канча аскер жибере аларын так билдирди.

Армиянын өкүлү бригадалык генерал Донни Прамоно билдиргендей, 12-февралдагы жыйында кабыл алынган чечимдердин негизинде 8 миң адамдан турган курама бригада түзүлгөн. Февраль айында аскерлер медициналык текшерүүдөн өтүп, документтери даярдалат. Ай соңунда күчтөрдүн даярдыгы кайрадан бааланат. Апрель айына чейин болжол менен миң жоокер алдынкы топ катары даяр болот, ал эми калган бөлүгү июнга чейин машыгат.

Даяр болуу сөзсүз түрдө жөнөтүлөт дегенди билдирбейт. Прамононун айтымында, бул саясий чечимди жана эл аралык механизмдерди талап кылат.

Индонезия жарандарды коргоого, медициналык кызмат көрсөтүүгө жана кайра курууга басым жасамакчы. Аскерлер согуштук аракеттерге катышпайт жана куралдуу топтор менен түз кагылышууга барбайт.

Индонезия Трамптын "Тынчтык кеңеши" демилгесинин алкагында түзүлгөн коопсуздук миссиясына аскер жөнөтүүгө расмий милдеттенме алган алгачкы өлкө болуп калды.

Газада Израил менен ХАМАС уюмунун (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган) ортосунда 10-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу келишими түзүлгөн.

Дүйнөдөгү мусулмандардын саны эң көп өлкөлөрдүн бири Индонезия Израил менен расмий дипломатиялык мамиле түзгөн эмес.

Өлкө Газага гуманитардык жардам көрсөтүүгө активдүү катышып, анын ичинде бир оорукананы каржылаган.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы бул өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун миссияларына эң көп салым кошкон он өлкөнүн катарына кирет жана Ливандагы миссияны кошо алганда, тынчтык орнотуу операцияларында мол тажрыйбага ээ.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *