Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Amnesty International Кыргызстанда журналисттерге басым уланып жатканын билдирди

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму 21-апрелде жарыялаган жылдык баяндамасында дүйнө жүзүндө, анын ичинде Борбор Азияда жарандык коомго кысым күчөп жатканын билдирди. State of the World’s Human Rights деп аталган документте Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө укук жана эркиндик чектелип жатканы белгиленет.

Уюмдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда бийлик Kloop, Temirov Live жана «Айт, айт десе» сыяктуу көз карандысыз медиа долбоорлорду «экстремисттик» деп тааныган, алардын материалдарын бөлүшкөндөргө же «лайк» баскандарга кылмыш жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.

Мындан тышкары, журналисттер Болот Темиров жана Ринат Тухватшин сыртынан «экстремисттик ишмердүүлүккө» байланышы бар деп табылган. Ушундай эле айып менен мурдагы операторлор Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов соттолгон.

Баяндамада укук коргоочу Рита Карасартова жабык сотто шарттуу кесилгени жазылат. Баяндаманын авторлору бул иш анын жарандык позициясы менен байланыштуу экенин эске салган.

Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчисинин орун басары Денис Кривошеев Кыргызстандагы кырдаалды «тез жана кооптуу өзгөрүп жаткан тенденция» деп мүнөздөдү. Анын айтымында, бийлик сын айткан активисттерди жана журналисттерди такай кысымга алып келет.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги жана адам укуктары корголорун такай кайталайт. 29-январда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде сөз эркиндиги жана демократия деген "биринчи кезекте жоопкерчилик" деп эскерткен.

"Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар. Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар", - деп айткан.

Ошондой эле эл аралык уюмдун баяндамасында өлкөдө кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуп, анын ыйгарым укуктары омбудсменге өткөрүлгөнү сынга алынган. Бул чечим боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери тынчсыздануу билдиргени белгиленет.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын кайтарууну сунуштаганы да талкуу жараткан. Кийинчерээк Конституциялык сот бул демилгени мыйзамга каршы деп четке каккан.

Баяндамада дин тутуу эркиндигин чектеген талаптар күчөтүлүп, каттоодон өтпөгөн диний ишмердүүлүккө тыюу салууну караган мыйзам сынга алынган. Ошондой эле «экстремизм» түшүнүгүнүн так эместиги диний азчылыктарга басым күчөтүшү мүмкүн экени айтылат.

Amnesty International Борбор Азиядагы жалпы тенденция катары активисттерге, журналисттерге жана блогерлерге карата саясий негиздеги куугунтук күчөп жатканын белгилейт.

Уюм бул көрүнүштөр сөз эркиндигине жана жарандык коомдун өнүгүшүнө олуттуу коркунуч жаратарын эскертти.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *