Беларуста өлүкканалар Украинадагы согушта каза болгон орус аскерлеринин сөөгүнө толду
“Өлүктөрдүн саны аябай көп. Мозырь станциясындагы жүргүнчүлөр поездге жүктөлүп жаткан сөөктөрдүн көптүгүн көрүп нес болушту”, - деди Гомель облусундагы Мозырь шаарынын тургуну.
Башка күбөлөр да Гомель жана Наровеле облустарындагы өлүкканалар да аскерлердин сөөгүнө толуп жатканын айтышууда.
Каза тапкан же жарадар болгон орусиялык аскерлер тууралуу маалымат тараткан беларус дарыгерлерине кызматтан алынарын айтып эскертишүүдө.
Ушул убакытка чейин Орусиянын бийлиги Украинада каза болгон орусиялык аскерлер тууралуу бир эле жолу маалымат берип, анда өлгөндөрдүн саны 500 чамалуу экени айтылган.