NYT: Батыш орусиялык жашыруун чалгын бөлүгүн аныктады
Батыштын коопсуздук кызматтары чет өлкөлөрдө адам өлтүрүү жана дестабилдештирүү операцияларын жүргүзүүгө аракет кылган орусиялык жашыруун чалгын бөлүгүн аныкташты. Мындай маалыматты "New York Times" гезити таратты.
8-октябрда жарык көргөн санында гезит ал уюм кеминде 10 жылдан бери иштеп келе жатканын жазды.
Басылманын материалында айтылгандай, Москвада жайгашкан 29155-бөлүк Коргоо министрлигинин аскердик чалгын башкармалыгы – ГРУнун курамына кирет.
Батыштын коопсуздук кызматтары алар 2015-жылы курал аткезчилиги менен алектенген болгариялык Эмилиан Гебревди эки жолу ууландырууга аракет кылышкан деген жыйынтыкка келишти.
Андан тышкары уюм 2016-жылы Монтенегродо мамлекеттик төңкөрүш жасоо, премьер-министр Мило Жукановичтин көзүн тазалоо, былтыр Англияда ГРУнун мурдагы офицери Сергей Скрипалды ууландыруу аракеттеринин артында турганы айтылган.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков гезиттин маалыматын четке какты жана "Москва европалык өлкөлөрдү дестабилдештирүүгө кызыкдар эмес" экенин айтты.
Орус бийлиги Батыштын чалгындоо кызматтары, иликтөөчүлөр жана журналисттер топтогон далилдерге карабай маалыматтарды четке кагып келет.
"New York Times" гезитинин маалыматына караганда, уюм өтө жашыруун болгондуктан, Башкы штабдын башка бөлүмдөрүндө иштегендердин мындан кабары жок.
Ошол эле маалда орус атайын кызматтарындагы булак “Ведомости” басылмасына билдиргендей, сөз болгон бөлүк Измайловодо орун алган 161-окуу борбору. Иш жүзүндө ал СССРден бери келаткан чалгынчылардын курстары. Булак аны "Европаны дестабилдештирүү боюнча тандалма бөлүк деп сүрөттөө аша чапкандык" деген оюн айтты.