Орусия: Террорчуларды колдогон жети киши кармалды
Бейшембиде ошондой эле Ингушетия Республикасынын бийлиги террорчулук боюнча шектүүкатары эки адам жок кылынганын маалымдады. Алардын бирөө Назрань шаарындагы полиция бекетине граната ыргытууга үлгүргөн. Чабуулда эки полиция кызматкери жарадар болгон.
Орусия өзүнүн эки миңдей жараны Сириядагы «Ислам мамлекети» радикал уюмунун катарында согушуп жүргөнүн билдирип келет. Алардын көбү Түндүк Кавказ аймагынан экени белгилүү.