Матраимовдун империясы куладыбы?
![Матраимовдун империясы куладыбы?](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-55fd-08dc27dc6e65_tv_w800_h450.jpg)
УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирди. 2021-жылы Матраимов коррупцияга айыпталып, сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Экс-бажычы өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген. Издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. “Азаттык” Матраимовдун бажыдагы схемалары тууралуу алгачкы иликтөөсүн 2015-жылы жарыялаган. Үч жылдан кийин Улан Эгизбаевдин иликтөөсү чыккан, ал эми 2019-2020-жылдары “Азаттыктын” Kloop жана OCCRP менен бирге Матраимовдордун бажы империясынын бетин ачкан журналисттик иликтөөлөрү коомчулукта чоң резонанс жараткан.