"Мектепке эки чакырым жөө барабыз". Чакан айылдын чоң түйшүгү
Талас районунун Атай Огомбаев айылдык аймагына караган Эркесары айылында 200дөй адам жашайт. Бул аймакта толук эмес билим берген мектеби жана мечиттен башка социалдык имараттары жок. 4-класстан жогорку курактагылар үч чакырым алыстыктагы коңшу айылга барып окушат.