Добавить новость
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

№33, 06.05.08. • «Кыргыз туусу гезити

Жаркын элестери жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек
Бакиевдин Жеңиш Күнүнүн 63 жылдыгы менен куттуктоосу
Кымбаттуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери!
Кымбаттуу мекендештер!
Сиздерди Жеңиш Күнү — Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы элибиздин улуулугун, эрдигин, каармандыгын жана патриотизмин чагылдырып турган улуу майрам менен чын дилимден куттуктайм!
Бул күнү биз Мекенибиздин эркиндиги жана көзкарандысыздыгы үчүн күрөштө жеңишти алып келгендерге, кан-жанын аябастан Ата-Журтту фашизмден коргогондорго, нацисттердин концентрациялык лагерлеринде курман болгондорго, согуштун азап-тозогун башынан кечирип, Улуу Жеңиш үчүн оорукта күнү-түнү эмгектенгендерге, ХХ кылымдын эң кандуу согушунда аман калып, келечек муун үчүн өзүнүн талыкпаган эмгеги менен өлкөнү кайрадан калыбына келтиргендерге таазим этебиз. Аларга түбөлүк даңк!
Бүткүл дүйнөдөгү тынчтык үчүн, Ата-Журттун эркиндиги жана көзкарандысыздыгы үчүн нацизмди жеңген баатырлардын улуу эрдиги элдин эсинде түбөлүк сакталат. Алардын каармандыгы, кайраттуулугу жана баатырдыгы азыркы жана келечек муундар үчүн Мекенин жан-дили менен сүйүүнүн мыкты мисалы, элдин биримдигинин жана ынтымагынын жаркын символу болуп кала бермекчи.
9-Май — бул фашизм өмүрүн кыйган, тагдырын талкалаган миллиондогон адамдарды, жер бетинен тып-тыйпыл болгон шаарлар жана
айылдарды эске салып, жүрөктү титиретип, көздөн жаш агызган майрам. Асманыбыз ачык болуп, бейпил турмушта жашообуздун күнү
ушундай болду.
Бул күнү биз согуштун бардык азап-тозокторун башынан кечирген, душмандын алдында калтаарып калбастан, чет элдик баскынчыларга чечкиндүү каршылык көрсөткөн каарман ардагерлерибизди — өлкөбүздүн татыктуу уулдарын жана кыздарын ардактайбыз. Ошондой эле өзүнүн талыкпаган күжүрмөн эмгеги менен Улуу Жеңишти камсыз кылган ооруктун эмгекчилерин даңктайбыз.
Сиздерге башыбызды ийип, таазим этебиз жана терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Душман менен салгылашууда курман болгон жана элибиздин эркиндиги жана бактысы үчүн өз өмүрүн аябаган баатырларга түбөлүк даңк! Улуу Жеңишке өзүнүн эмгегин жумшаган ооруктун баатырларына түбөлүк даңк! Алардын ысымдары жана жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат!
Кымбаттуу согуш ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери!
Бейпил турмушта жашап жана эмгектенип жаткан азыркы муун сиздердин алдыңыздарда түбөлүк карыз. Биз сиздерге татыктуу турмуш шарттарын камсыз кылуу, колдоо жана жардам көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого милдеттүүбүз.
Бул максатта мен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө Жарлыкка кол койдум, ага ылайык согуштун майыптарына жана катышуучуларына, ооруктун катышуучуларына, концлагерлердин жашы жетпеген туткундарына, согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө бир ирет бериле турган кошумча жөлөкпул чегерилет.
Майрамыңыздар менен, кымбаттуу ардагерлер! Сиздерге чын дилимден чың денсоолук, ачык асман жана зор бакты-таалай каалайм!


The post №33, 06.05.08. • «Кыргыз туусу гезити first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *