Соль-Илецкиден келгендер обсервация талаптарына баш ийбей жатышат
“Обсервацияда жүрүү эрежелерин бузуп, качып кетүүгө аракет кылгандар бар. Милицияга кайрылууга аргасыз болдук. Алар өз туугандарын, ата-энелерин, тааныштарын кандай тобокелчиликке жана коркунучка түртүп жатканын түшүнбөй жатышат”, - деди Үсөнбаев.
Кыргыз өкмөтү 5-майда Орусиянын Соль-Илецк шаарынан ондогон эмгек мигрантын Казакстан аркылуу мекенине алып келген жана алар Чүй облусунун аймагындагы обсервацияга жайгаштырылган.
10-майда Кыргызстанда коронавирус жуктурган 71 адам аныкталган. Алардын 55и Соль-Илецкиден келген мигранттар.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус 1002 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 675 бейтап айыгып чыкты.
COVID-19 жуктуруп алган 1002 адамдын 232си медицина кызматкери, алардын 176сы айыкты, бирөө каза тапкан.