Санкт-Петербург шаарынан 156 кыргызстандык келди

16-майга караган түнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан чартердик учак менен 156 кыргызстандык келди. Келгендердин баары коопсуздук максатында "Манас" аэропортунун учуу тилкесинен эле текшерүүдөн өткөрүлүп, COVID-19 вирусуна ПЦР диагностикага анализ тапшырышты. Андан кийин обсервацияга жиберилди.


Бул тууралуу коронавирустун жайылышынын алдын-алуу боюнча республикалык штаб маалымдады.



Саламаттык сактоо министрилигинин маалыматына караганда, сырттан кайтып келип жаткан кыргызстандык жарандар ПЦР диагностикага анализ тапшыргандан кийин, үч күн бою карантинде болушат.



Эгерде анализ жыйынтыгы таза чыкса, ооруган адамдар менен байланышта болбосо, бардык эреже-талаптарды сактоого милдеттендирилип, үй карантинине жиберилет. Эгерде үйдө тийиштүү шарттар жок болсо, анда Саламаттык сактоо министрлигинин обсервациясына жайгаштырылат. 


Кокус анализдин жыйынтыгы коронавирус бар экенин көрсөтсө, жаран стационарга дарыланууга жиберилет. Ал эми вирус жуктурган адамдар менен байланышкан адамдар медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга алынат.


Кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясы башталган февраль айынан бери чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан 8 миңден ашуун кыргызстандык жаранды алып келди.


Кыргызстандык жарандар Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Жапония жана башка мамлекеттерден чартердик учак менен, ал эми Орусиянын Соль-Илецк шаарынан автобус менен алып келинди. Соль-Илецкиден келген 519 адамдын 56сы коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, ооруканага жаткырылган.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Соль-Илецке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Оренбургской области
Экология в Оренбургской области
Спорт в Оренбургской области
Moscow.media






Топ новостей на этот час в Соль-Илецке и Оренбургской области

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *