Элчилик: Орусиядан апта сайын чартердик каттамдар уюштурулат

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, май айынын аягынан тартып апта сайын чартердик каттамдар уюштурулат. Мындан тышкары Тышкы иштер министрлиги Оренбург шаарынан да Бишкекке чартердик каттам уюштуруу маселесин карап, бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, бул каттам менен 200 кыргызстандык, негизинен кош бойлуулар, оорулуу жана улгайган адамдар жиберилет.


Элчилик Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 500гө жакын кыргызстандыкты мекенине кайтаруу аракети уланып жатканын маалымдады. 17-майда Бузулукка элчиликтин тажрыйбалуу кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жөнөп кетишкен. Оренбург облус бийлигинин, аймактагы кыргызстандык диаспоралардын жардамы менен Бузулуктагы жарандардын тамак-аш маселеси чечилди.


Элчиликке караштуу түзүлгөн штаб Казакстандын чек аралары жабык экенин эскертип, кыргызстандыктарды машине менен жолго чыкпоого үндөдү. Мындан тышкары Орусиядагы мекендештерди орус мыйзамдарына ылайык санитардык-карантин эрежелерин так сактоого, өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына жоопкерчиликтүү болууга чакырган.


Майдын алгачкы жумасында Оренбург облусунда орус-казак чек арасынан Кыргызстанга өтүп кетүүнү суранып 250дөй кыргыз мигранты топтолуп турганы кабарланган. 7-майда Соль-Илецк аймагынан 519 кыргызстандык тогуз автобус менен Кыргызстанга жеткирилген. Ондогон айдоочу ошол жерде калган. Андан бери да Оренбургга карай агылган кыргыздардын аягы тыйылбай, талаада чатырда жаткандар 500гө жакындап калганы кабарланды. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Соль-Илецке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Оренбургской области
Экология в Оренбургской области
Спорт в Оренбургской области
Moscow.media






Топ новостей на этот час в Соль-Илецке и Оренбургской области

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *