Бишкектеги обсерватордон чыр менен чыккандардан 51 киши Таласта обсервацияга жаткырылды

Бишкектин четиндеги «Семетей» обсерваторунан чыккан 541 кишинин 51и Талас облусунун тургундары болгон. 51 адам Талас облусуна келери менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн басма сөз кызматкери Бакай Абдымалик «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, алардын колунда буга чейин эки жолу ПЧР-анализ алынып, «таза» деген маалымдамасы болгон. Бирок коопсуздук үчүн Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда уюштурулган обсервацияларга жайгаштырылды. Алардан кошумча ПЧР-анализдер алынып, обсервацияга беш күн жаткырылат.


Бакай Абдымалик социалдык түйүндөрдөгү «бийлик өкүлдөрү обсервацияга алынгандарды сабады» деген маалыматты төгүндөдү. Республикалык штаб 51 кишинин арасынан бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей бир топ кыйынчылык жаратканын маалымдаган. Түшүндүрүү иштеринен кийин 51 адам жергиликтүү бийликтин талаптарына макул болгон.




Буга чейин «Семетейде» Орусиянын Соль-Илецк шаарынан автобус менен 7-майда кайтарылып келген 541 эмгек мигранты кармалып турган. 19-майга чейин алардын 104үнөн коронавирус табылды. Калгандарынын 19у калтырылып, анализи эки жолку текшерүүдөн кийин тазаларынын баары үй карантинине чыгарылып жатканы белгилүү болду.


17-майда «Семетейде» кармалып жаткандар чуу чыгарган видео Интернетте тараган болчу. Саламаттык сактоо министрлиги окуя учурунда ошол жердеги «Тез жардам» автоунаасынын айдоочусунун кийими айрылганын билдирген.


Нааразылыкка чыккандар алар негизсиз кармалып жатканын айтып, коё берүүнү талап кылышкан. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Соль-Илецке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Оренбургской области
Экология в Оренбургской области
Спорт в Оренбургской области
Moscow.media






Топ новостей на этот час в Соль-Илецке и Оренбургской области

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *