Элчилик: Орус-казак чек арасында топтолгон мигранттар калган жок, 448и жолго чыкты
Элчилик тараткан маалыматта “Казак тарап алардын баарынын саламаттыгын текшерип, тийиштүү кагаздарын жазып берди. 12 айдоочу машинасын тралдарга жүктөдү, калган айдоочулар мурда жашаган жерине кайра жөнөштү. Ошентип, Соль-Илецк шаарында жана Бузулук районунда Кыргызстандын топтолгон жарандары жок” деп айтылат.
Ошону менен катар элчилик орус-казак чек арасы дале жабык экенин эскертти.
Коронавирус илдетине байланыштуу чек ара жабылгандан кийин орус-казак чек арасында мекенине кайтууну каалаган кыргызстандык мигранттар март айынын ортосунан баштап жүздөп топтоло баштаган. Алардын 541ин өкмөт 7-майда автобус менен алып келген. Медициналык байкоодон кийин жүздөн ушуунунан коронавирус табылды. (RK)