Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус 38 адамга жуккан

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 38 адам жаңы катталды. Алардын ичинен 25 адам Нарын облусунда. Бишкекте беш, Ош облусунда эки, Жалал-Абад облусунда бир Баткенде бир адам коронавирус жуктуруп алган. Андан тышкары Соль-Илецк шаарынан келгендерден үч адамдан жана Санкт-Петербург шаарынан келген бир курсанттан вирус аныкталды. Ушуну менен 24-майга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 1403 адамга жетти.


Бул тууралуу 24-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифиргде билдирди. Анын айтуусунда, акыркы суткада аныкталган 38 адамдын сегизи сырттан жуктуруп келген.


"Кийинки аныкталгандардын көпчүлүгү байланыш аркылуу жуккандар болуп жатат. Ошондуктан өлкөдө эпидемиологиялык абал туруксуз, чыңалуу байкалып турат. Мен бардыгыңыздарды санитардык-гигиеналык талаптарды бекем сактап, муктаждык болбосо үйдөн чыкпоого чакырам. Ишке кирген ишканалар да санитардык талаптарды бекем сактоого тийиш".


Үсөнбаевдин маалыматына караганда акыркы суткада 23 адам оорудан айыкты. Жалпысынан коронавирус жуктуруп алган 980 адам сакайып чыкты. 14 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алган соң каза тапты.



Акыркы суткада бир медицина кызматкеринен вирус аныкталды. Жалпысынан ооруга чалдыккан 274 медицина кызматкердин 226сы айыгып, ишине кайтты.



Ушул тапта 409 адам стационарда жатат, 11 адам оор абалда. Төрт киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Соль-Илецке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Оренбургской области
Экология в Оренбургской области
Спорт в Оренбургской области
Moscow.media






Топ новостей на этот час в Соль-Илецке и Оренбургской области

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *