Оренбургдагы жана Самарадагы мигранттар Кыргызстанга жөнөтүлгөнү кабарланды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Оренбург жана Самарадагы мигранттар Кыргызстанга жөнөтүлгөнүн кабарлады. Элчилик тараткан маалыматка ылайык, 5-июлда Оренбург жана Самара облустарынан 31 автобус менен 1 496 кыргызстандык мекенине жөнөтүлгөн. Алардын арасында жашы өткөн 27 адам, балалуу 21 эне бар.


Элчилик бул тизмеге Оренбург облусунун Соль-Илецк районундагы чатыр лагерде Самара облусунун “Маштаково” көзөмөл өткөрүү бекетинин жанында топтолгон кыргызстандыктар да киргенин кошумчалады. Жолдо калган жарандар коронавирусту аныктоо боюнча акысыз тест тапшырган. Ал эми мигранттардын жол акысын Коронавируска каршы республикалык штаб төлөп берген.


Элчиликтин маалыматы боюнча, март айынан бери Орусиядан 57 абакаттамы уюштурулуп, 14 344 адам кайтарылган. Анын ичинде Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 51 автобус менен 2 470 кыргызстандык келген.


Элчилик эпидемиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу Орусия менен Казакстандын чек арасы жабык экенин жана азыр жолго чыкпоону эскертти.


Буга чейин Самара облусундагы орус-казак чек арасында ондогон кыргызстандык талаада түнөп жатышканын “Азаттык” радиосуна кабарлашкан. Алар Москвадан автобус жалдап жолго чыгып, орус-казак чек арасынан өтө албай калышканын айтышкан болчу. (BkA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Соль-Илецке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Оренбургской области
Экология в Оренбургской области
Спорт в Оренбургской области
Moscow.media






Топ новостей на этот час в Соль-Илецке и Оренбургской области

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *