Пандемия башталгандан бери чет өлкөлөрдөн 20 638 кыргызстандык кайтарылды

Коронавирус инфекциясы жайылган учурдан тартып, февраль айынан 6-июлга чейин учак жана автобустар менен 20 миң 638 кыргызстандык жаран мекенине кайтарылды. Бул маалыматты тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев бүгүн, 7-июлда брифингде билдирди. Анын айтымында, кайтып келгендердин басымдуу бөлүгү Орусиядан, Кытайдан, Түркиядан жана Бириккен Араб Эмираттарынан жеткирилген.


Нуран Ниязалиев бүгүнкү күнү да 57 чет мамлекеттен 7812 жаран Кыргызстанга кайтууну көздөп, элчиликтерге жана консулдуктарга кайрылганын кошумчалады. Булардын ичинен басымдуу бөлүгү - Орусиядагы кыргызстандыктар.


«Коронавирус пандемиясы учурундагы карантиндик чараларга жана Казакстан аркылуу өтүүгө тыюу салынганына карабай, биздин жарандар Орусиянын Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарында орус-казак чек арасына топтолуп жатышат. Казакстан менен Кыргызстандын президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде Казакстан аймагы аркылуу үч жолу транзиттик коридор уюштурулду», - деп билдирди ал.


Тышкы иштер министринин орун басары Орусиядагы кыргызстандыктардан орус-казак чек арасы ачылганга чейин аймакка барбай турууну өтүндү.


Кыргызстан коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында 20-марттан тартып эл аралык каттамдарды жапкан. Андан бери чет жактардагы кыргызстандыктарды Бишкек жана Ош шаарларына жеткирген жүзгө жакын чартердик каттам уюштурулган. Орусиянын Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус менен 1,5 миңге жакын кыргызстандык жаран алынып келген. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Соль-Илецке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Оренбургской области
Экология в Оренбургской области
Спорт в Оренбургской области
Moscow.media






Топ новостей на этот час в Соль-Илецке и Оренбургской области

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *