Терек-Сайда волейбол боюнча мелдеш өттү

Чаткал районунун Терек-Сай айылында волейбол боюнча “Ынтымак, достук, биримдик” аттуу мелдеш болду. Мелдеш жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары менен бирге уюштурулду. Анда Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев, Жалал-Абад милициясынын башчысы Кылычбек Жолдошов сөз сүйлөп, элди биримдикке, ынтымакка чакырды.


Байге фонду 20000 сомду түзүп, жалпы 5 команда катышты. 1-орунду ИИМдин атайын багыттагы полку, 2-орунду "Терек-Сай 1", 3-орунду "Терек-Сай 2", 4-орунду "Кызыл-Токой" командалары ээледи.


Буга чейин Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар өткөн айда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган.


4-декабарда Жалал-Абад облустук соту кармалгандардын бөгөт чарасын карап, алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.


3-декабрда Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну, аталган ишкананын иштешине уруксат бербөөнү талап кылышкан. 


Аймактагы чырдан улам 5-декабрда “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасы убактылуу өз ишин токтоткон.


Жалал-Абад милициясынын билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күндө Чаткал районунун Терек-Сай аймагында коомдук саясий абал тынч. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Тереке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Кабардино-Балкарии
Экология в Кабардино-Балкарии
Спорт в Кабардино-Балкарии
Moscow.media



{seg_news123?
|
}



Топ новостей на этот час в Тереке и Кабардино-Балкарии

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *