Парламент Терек-Сайдагы кырдаалды талкуулап жатат

Жогорку Кеӊеште ушул жылдын 5-декабрында Чаткал районунун Терек-Сай участкасында болгон чуулгандуу окуя боюнча маалымат угулууда. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай участкасында бейбаштык боюнча 2 факт, ал эми сурманы мыйзамсыз казуу боюнча 4 факт катталган. Ошондон улам ал жерге ИИМдин “Шумкар” тобунан жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган 2 пост уюштурулган.


Буга чейин Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 16 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар өткөн айда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган. Курсан Асанов учурда “Шумкардын” 3 мүчөсү оор жараат алып, азыр ооруканада дарыланып жатканын айтты. “Сот 6 адамды 9 айга, 9 адамды 6 айга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарды”, - деди Курсан Асанов. Андан тышкары, ошол окуянын алкагында “Бейбаштык” жана “Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.


4-декабрда Жалал-Абад облустук соту кармалгандардын бөгөт чарасын карап, алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.


3-декабрда Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну, аталган ишкананын иштешине уруксат бербөөнү талап кылышкан. 


Аймактагы чырдан улам 5-декабрда “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасы убактылуу өз ишин токтоткон. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Тереке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Кабардино-Балкарии
Экология в Кабардино-Балкарии
Спорт в Кабардино-Балкарии
Moscow.media



{seg_news123?
|
}



Топ новостей на этот час в Тереке и Кабардино-Балкарии

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *