“Кыргызалтын” Терек-Сайдагы иш таштоону чагым катары баалады

“Кыргызалтын” ишканасы Чаткал районундагы Эти Бакыр Терексай” ишканасындагы өндүрүштүн токтотулушунун себептери боюнча билдирүү таратты. Анда кендеги акыркы кырдаалдан пайдаланган айрым адамдар компаниянын жумушчуларын иш таштоого үгүттөгөнү айтылат.


"Бүгүн чагымдын айынан «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын жумушчулары иш таштап, жумушка чыкпай жатышат. Учурдагы кыйын кырдаалга байланыштуу тоо-кен-шахталык техникалык каражаттарынын жана жабдуулардын жарактан чыгып калбашы үчүн компания өзүнүн өндүрүштүк ишмердигин убактылуу токтотууга жана белгисиз мөөнөткө консервация кылууга мажбур болду”, деп айтылат билдирүүдө.


“Кыргызалтын” ишканасы "мындай кырдаалдан «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКнын лицензияланган аянтынан сурьма кенин мыйзамсыз түрдө казып алып жүрүшкөн адамдардын тобу пайдаланып жатат" деп белгиледи.


Буга чейин Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар өткөн айда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган. 4-декабрда Жалал-Абад облустук соту кармалгандардын бөгөт чарасын карап, алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.


Мындан соң Терек-Сай айылынын тургундары айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну, аталган ишкананын иштешине уруксат бербөөнү талап кылышкан.


5-декабрда болсо “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасы убактылуу өз ишин токтоткону кабарланган.


“Кыргызалтын” ишканасынын маалыматы боюнча, «Эти Бакыр Терексай» ишканасында 350дөн ашык адам жумуш менен камсыз болгон, анын ичинен 96 пайызы жергиликтүү жашоочулар. Орточо эмгек акы 22,5 миң сомду түзөт. (BkA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Тереке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Кабардино-Балкарии
Экология в Кабардино-Балкарии
Спорт в Кабардино-Балкарии
Moscow.media



{seg_news123?
|
}



Топ новостей на этот час в Тереке и Кабардино-Балкарии

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *