Жер казынасын иштетүү комитетинин төрага орун басарын кызматтан бошотуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаттары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү боюнча комитеттин төрага орун басары Азизбек Ороковдун кызмат абалына ылайыктуулугун кароону өкмөткө сунуштайт. Бул тууралуу Терек-Сай кениндеги акыркы кырдаалды талкуулап жаткан парламент жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.


Анын айтымында, депутаттардын суроолоруна мамлекеттик комитеттин төрага орун басары толук кандуу жооп бере алган эмес. Буга байланыштуу вице-спикер Бакиров парламенттин тийиштүү комитетине Ороковдун кызмат абалына ылайыктуулугун кароо сунушун киргизүү тапшырмасын берди.


Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Терек-Сайдагы жаңжалга тиешелүү органдардын кырдаалдын алдын алуу боюнча жетиштүү аракет көрбөгөнү себеп болгонун белгилешти.


Буга чейин Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар өткөн айда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган. 4-декабрда Жалал-Абад облустук соту кармалгандардын бөгөт чарасын карап, алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.


Мындан соң Терек-Сай айылынын тургундары айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну, аталган ишкананын иштешине уруксат бербөөнү талап кылышкан.


5-декабрда болсо “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасы убактылуу өз ишин токтоткону кабарланган.(BkA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Тереке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Кабардино-Балкарии
Экология в Кабардино-Балкарии
Спорт в Кабардино-Балкарии
Moscow.media



{seg_news123?
|
}



Топ новостей на этот час в Тереке и Кабардино-Балкарии

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *