ИИМ: Терек-Сайда мыйзамсыз сурма казган төрт факт катталды

Чаткал районунун Терек-Сай айылында бейбаштык боюнча эки, мыйзамсыз сурма казган төрт факт катталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 6-декабрда парламентте маалымат берип жатып билдирди.


Жогорку Кеңеш бул сессияда “Эти Бакыр Терек-Сай” жоопкерчилиги чектелген коомунун тегерегинде түзүлгөн кырдаал боюнча тиешелүү мекемелердин маалыматын укту. Жыйында милициянын «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринин жеке менчик компания иштеткен жерди кайтарганы мыйзамдуубу деген суроо көтөрүлдү. “Кыргызалтын” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков инвесторду коргоо аракети көрүлдү деп маалымдады.




«Терек-Сай» кенин түркиялык “Эти Бакыр” компаниясы иштетет. Буга чейин айылдын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган.


Кармалгандар 5-ноябрда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган.


ИИМдин билдирүүсүндө, “Шумкардын” үч мүчөсү оор жараат алып, азыр ооруканада дарыланып жатат. Окуя боюнча “Бейбаштык” жана “Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 4-декабрда Жалал-Абад облустук соту кармалгандардын бөгөт чарасын карап, алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.Терек-Сай айылынын бир нече жашоочусу кармалгандарды бошотууну, аталган ишкананын иштешине уруксат бербөөнү талап кылышууда. Аймактагы чырдан улам 5-декабрда “Эти Бакыр Терексай” ишканасы убактылуу ишин токтоткон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Тереке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Кабардино-Балкарии
Экология в Кабардино-Балкарии
Спорт в Кабардино-Балкарии
Moscow.media



{seg_news123?
|
}



Топ новостей на этот час в Тереке и Кабардино-Балкарии

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *