Милиция Чаткалда айдоочуну атып салган адам кармалганын кабарлады

Чаткалдагы айдоочунун өлүмү боюнча топтолгон материалдар райондук ички иштер башкармалыгына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен өндүрүшкө алынды (кылмыш иши козголду). Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.


Милиция буга чейин кабарлангандай окуя 10-январда түнкү саат 03:00дө Чаткал районунун Терек-Сай айылында катталганын ырастады. Бишкек шаарынын тургуну, 31 жаштагы Улан Койчиев шеригинин жанында жүк ташуучу автоунаада аны коштоп бараткан учурда Терек-Сай айылынын Аскат аттуу жашоочусу ок атуучу курал менен Койчиевди атып жиберген. Натыйжада Улан Койчиев Ала-Бука райондук ооруканасына жетпей жаратынан улам каза болгон.


Эки райондун милиция бөлүмдөрүнүн тиешелүү кызматкерлери окуя болгон жерге тергөө жүргүзүп, Терек-Сай айылынын тургуну Э. уулу Аскатты аныкташкан. Шектүү изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Баштапкы маалыматтарга ылайык, Улан Койчиев шериги менен “Вольво-FH 12” үлгүсүндөгү автоунаа менен “Чаарат Заав” фирмасына бульдозер жүктөп алып бара жаткан. Алар БМВ үлгүсүндөгү машине минип бараткан Аскат менен жол талашып чатакташа кетишкен. Аскат мас абалында болгондуктан автоунаасындагы ок атуучу куралы менен жүргүнчү катарында бара жаткан Улан Койчиевди көкүрөк тарабына атып жиберип, окуя болгон жерден качып кетип калган. Анын куралы “Иж 16” калибрлүү, сайсыз, кош ооздуу мылтык экени такталды.


Чаткал районунун Терек-Сай айылында алтын кенин иштеткен компания техника алып бараткан айдоочусун түнү бирөөлөр атып кеткенин бүгүн эрте менен “Чаарат Заав” фирмасынын өкүлү айтып чыккан эле. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Тереке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Кабардино-Балкарии
Экология в Кабардино-Балкарии
Спорт в Кабардино-Балкарии
Moscow.media



{seg_news123?
|
}



Топ новостей на этот час в Тереке и Кабардино-Балкарии

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *