Терек-Сайда алтын кенине бараткан техниканын айдоочусу окко учту

Чаткал районунун Терек-Сай айылында алтын кенин иштеткен "Чаарат Заав" фирмасына техника алып бара жаткан 25 жаштагы айдоочу окко учуп, каза болду. Бул тууралуу фирмага техника жеткирүүчү жалданма компаниянын атын атагысы келбеген өкүлү "Азаттыкка" билдирди.


Окуя 10-январга караган түнү саат 2:00 чамасында Терек-Сай айылында болду.


- Кенге эки техниканы башкарып бараткан эки айдоочу менен эки шеригин жолдо белгисиз адамдар тороп, акча доолашкан. Бул маалыматты бизге ошол замат айдоочулар телефон аркылуу билдиришкен. Жол торогондор менен сүйлөшүп, алар жолун улаган. Кийин 8 чакырымдан соң артынан кууп барып, айдоочуну атып салышкан. Ал ооруканага жетпей жолдо каза болуп калды. Окуяга байланыштуу 4 жергиликтүү тургун кармалган, - деди компаниянын өкүлү.


Сөөк Ала-Бука районуна жеткирилген. Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынан билдиришкендей, учурда каза болгон адамдын сөөгү өлүкканада сакталып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат.


Айдоочу окко учканын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ырастап, окуянын себеби такталып жатканын билдирди.


Чаткалдагы Терек-Сайдагы кендин айланасындагы буга чейинки чырга байланыштуу 15 адам кармалып, 13ү үй камагына чыккан. Кылмыш иши козголгон, иликтөө иштери уланууда. (RsK\ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Тереке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Кабардино-Балкарии
Экология в Кабардино-Балкарии
Спорт в Кабардино-Балкарии
Moscow.media



{seg_news123?
|
}



Топ новостей на этот час в Тереке и Кабардино-Балкарии

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *