Терек-Сайда бийлик өкүлдөрү менен эл түлөө өткөрүштү

Чаткал районунун Терек-Сай айылында облустагы өкмөт өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аймактагы азыркы кырдаал жана кен иштеткен компаниялар боюнча сүйлөштү. Ал тургундарды өзүм билемдикке барбоого чакырып, бардык маселе сүйлөшүүлөрдүн негизинде, мыйзам алкагында гана чечилерин билдирди. Сатыбалдиевдин "Азаттыкка" айтканы боюнча, учурда аймакта абал туруктуу жана кен иштеткен чет элдик компаниялар үзгүлтүксүз иштеп жатат. 


Жолугушуудан соң айылдыктардын катышуусунда элди тынчтыкка жана ынтымакка чакырган түлөө өткөрүлдү. 


2-декабрда Чаткалдын Терек-Сай айылында “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен 16 киши камакка алынган. 17-декабрда алардын ичинен он үчү Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылып, кийинчерээк калган үчөөнүн да бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. 


Азыр бул багытта тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. 


10-январда Терек-Сай айылында алтын кенин иштеткен "Чаарат Заав" фирмасына техника каражатын алып бараткан 31 жаштагы айдоочу окко учкан. Маркумдун жакындары "аны жергиликтүү тургун акча доолап өлтүргөн" деп айыптаса, милиция "кенчи жол талаштан чыккан чырдан атылган октон көз жумган" деп билдирүүдө. Окуяны милиция иликтеп жатат. (RsK/ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Тереке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Кабардино-Балкарии
Экология в Кабардино-Балкарии
Спорт в Кабардино-Балкарии
Moscow.media



{seg_news123?
|
}



Топ новостей на этот час в Тереке и Кабардино-Балкарии

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *