Финполдун башчысы “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү эки адам менен тууган экенин ырастады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) башчысы Бакир Таиров “Азаттыктын” Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион доллар тууралуу иликтөөсүндө аты аталган эки адамдын аны менен туугандык байланышы бар экенин ырастады.


“Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Таиров Чолпон Элмуратова анын 2016-жылы жол кырсыгынан каза болгон бир тууган инисинин жубайы, ал эми Токтосун Туманбаев эң кичүү карындашынын күйөөсү экенин айтты.


“Бирок аларга тиешем жок. Мен бир туугандарым ким менен байланышарын сурабайм. “АКА-Петролеумду” билбейм”, - деген Финполдун башчысы Райымбек Матраимов боюнча иликтөө акыйкат жүрүп жатканына сөз бере аларын кошумчалады.


29-майда “Азаттык” “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда 2011-2017-жылдары Кыргызстандан которулган 700 миллион доллардын бир бөлүгү Германиянын Мюнхен шаарында жайгашкан "AKA Петролеумга" кеткени айтылган.


Ал эми "АКА Петролеум" жана Чолпон Элмуратова - “Терек-Сай жаштары” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) негиздөөчүлөрү.


“Терек-Сай жаштары” 2014-жылы Чаткалдагы Кассан сурьма кенин иштетүү укугун аукциондон 4,5 миллион долларга утуп алган. Аталган компанияны Токтосун Туманбаев башкарат.


2018-жылдын декабрында жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштириле турганын убада кылган.


Иликтөөнү Финансы полициясы жүргүзүүдө. 


Быйыл 29-майда «Азаттык» радиосу «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деген көрсөтүүсүндө Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз кылган. (MTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Тереке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Кабардино-Балкарии
Экология в Кабардино-Балкарии
Спорт в Кабардино-Балкарии
Moscow.media



{seg_news123?
|
}



Топ новостей на этот час в Тереке и Кабардино-Балкарии

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *