Токтогулда жол кырсыгы бир өмүрдү жалмады
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 29-июлда эртең менен Үч-Терек айыл аймагында болгон.
“Хонда Стэп” жана “Тойота Камри” автомашиналары кагылышып, “Хонда Стэп” өрттөнгөн.
Каза болгон адамдан тышкары дагы жети адам жараат алды.
Соңку сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 34 өрт кырсыгы катталды.