Абылгазиев: кен иштетүүдө лицензиялар көзөмөлдөнөт

Өкмөт мындан ары кен иштетүүдө лицензияларды көзөмөлсүз берүүгө жол бербейт. Мындай пикирин бүгүн, 15-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусундагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде иш алып барган тоо-кен ишканасы менен таанышкан учурда билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, «Эти Бакыр Терексай» ишканасы жылына 100 миң тонна кен өндүрөт. Учурда ал алтын жана күмүштөн турган флотациянын концентратын чыгарууда. Анда 350 адам иштейт. Анын 96% жергиликтүү эл түзөт.


Компаниянын жетекчилигинин маалыматына караганда, ушул жылдын ноябрь айында алтын казган фабриканы куруу иштери башталат. Ишканадан 7 млрд. сом салык түшөт. Анын 2 млрд. сому жергиликтүү бюджетке которулат. Фабриканын куруш үчүн 850, ал эми өндүрүштү ишке киргизүүдө 600дөн ашык жумуш орду түзүлөт. 


- Тилекке каршы, лицензия берүүдөгү буга чейин түзүлүп калган шарттарды аргасыздан аткарып келгенбиз. Эми мындан ары көзөмөлсүз берүүгө жол берилбейт. Буга чейин компаниялардын тарыхына талдоо жүргүзүлбөй, алардын иш планын билбей туруп, уруксат берүүчү документ берилип келген, - деди өкмөт башчы.


«Эти Бакыр Терексай» биргелешкен ишкана. Анда «Кыргызалтын» 25 пайыз, Түркиянын «Эти Бакыр» компаниясынын 25% үлүшү бар.


Терексай кени – өлкөдөгү тоо кен тармагында мурдатан иштеген ишканалардын бири. Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай кыштагында жайгашкан. 


Былтыр Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну «милиция кызматкерине кол көтөрдү» деген айып менен камакка алынган. 3-декабрда Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну, аталган ишкананын иштешине уруксат бербөөнү талап кылган. Мындан кийин, 5-декабрда Чаткал районундагы «Эти Бакыр Терексай» алтын ишканасы убактылуу өз ишин токтоткон. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Тереке

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Кабардино-Балкарии
Экология в Кабардино-Балкарии
Спорт в Кабардино-Балкарии
Moscow.media



{seg_news123?
|
}



Топ новостей на этот час в Тереке и Кабардино-Балкарии

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *