Сокулуктагы өрттө төрт киши түтүнгө ууланды
11-январда Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 12 өрт катталган. Басымдуу учурда өрт кырсыктарына кургак чөптүн күйүшү, жаш балдардын от менен ойногону себеп болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
1-январь түнү Сузак районунун Кашка-Терек айылында көмүр исине ууланып төрт адам: 30 жаштагы келин, анын тогуз жаштагы жана төрт жаштагы эгиз уулдары каза болгон.
Декабрь айында Нарындын Кочкор районунда иске ууланып төрт киши: жаш келин үч кызы менен кошо көз жумган. Беш жаштагы уулу аман калган. (ZKo)