Текебаев: Бийлик чыныгы демократиялык шайлоо уюштурууга милдеттүү
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев азыркы бийлик алдыдагы парламенттик шайлоону ачык жана калыс өткөрүүгө милдеттүү экенин билдирди. Бул тууралуу саясатчы “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” берүүсүнө катышканда айтты. “Биз бир жылдан бери кризистебиз. Биз алты кризисти санап жүрөбүз, ушул шайлоо оор кырдаалдан чыгып кетүүнүн мүмкүнчүлүгү. Эгер шайлоону адилеттүү уюштура алсак, элдин оюн айткан, мейли бийликти колдобосо дагы өз позициясы менен багытын колдогон оппозиция келбесе тең салмактуулук болбойт. Читать дальше...