Түндүк Казакстанда ондогон айылдар жоюлат
Мадина Абылкасымова казак өкмөтү алдыда экономикалык жактан келечектүү айыл-кыштардын инфраструктурасы үчүн гана каражат бөлө турганын да кошумчалады.
Түндүк Казакстан Орусиянын Курган, Омск, Тюмень облустары менен чектешет. Аймактын 600 миңдей жашоочусунун 35% казактар, калгандары орустар, украиндер, поляктар жана немистер.
Мурдагы СССР чачыраганга чейин казактар Түндүк Казакстан облусунда калктын 22% гана түзгөн. (UE)