Сулайманов: Текебаев өзү отурган камерага видеокөзөмөл коюлушуна каршы
Кыргызстандагы Кыйноонун алдын алуу борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов бүгүн, 29-январда “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевге кирип чыкты. Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, саясатчы өзү отурган камерага видеокөзөмөл анын уруксаты жок коюлганын жана бул анын жеке жашоосуна кийлигишүү экенин билдирген.
- Буга чейин бизге видеокөзөмөл Өмүрбек Текебаевдин макулдугу жок эле коюлганын айтып, саясатчынын жубайы кайрылган. Бүгүн борбордун бир кызматкерин алып, абакка кирип чыктык. Текебаев видеокөзөмөл 23-январда орнотулганын, эки-үч күндөн кийин алып келишкен кагаздарына кол коюп бергенин, бирок каршы экенин билдиргенин айтты. Текебаев ушул маселе боюнча көмөк көрсөтүүбүздү өтүндү.
Эми Кыйноонун алдын алуу борбору Текебаевдин өтүнүчү боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылып, видеокөзөмөл эмне себептен коюлганын сурайт.
“Ата Мекен” партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. 2017-жылдын ноябрь айында Жогорку сот эки саясатчыны сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап жүрүшөт.
Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган. (КЕ)