Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Январь
2018

Новости за 29.01.2018

Azattyk.org 

Европа Биримдиги президент Трампка жооп кайтарды

Евробиримдик эгерде Кошмо Штаттар алардын экспортун чектей турган болсо, анда буга каршы ыкчам жооп берилээрин эскертти. Брюсселдин бул билдирүүсү алдында президент Доналд Трамп АКШга карата "адилетсиз” соода тажрыйбасын жүзөгө ашырды деп Евробиримдикти сынга алган.

Azattyk.org 

"Грэмми"-2018: Ак розалар жана Путин

Нью-Йоркто "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземи өтүп, анда R&B ырчысы Бруно Марс алты номинацияда мыкты аталды. Жыныстык зомбулукка каршы флешмоб менен коштолгон салтанатта АКШнын президенти Доналд Трамптын саясатына да сын айтылды.

Azattyk.org 

"Данисте": көр тириликти унуттурган сахна

Айлыгы беш миң сомдон ашпаган, үйү жок театр артисттери. Он чакырым каттап окуган нарындык окуучулар. Кошуна өлкөнүн бренди менен чет жакка сатылып жаткан кыргыз күрүчү. Курут жасаган көлдүк кыз-келиндер. Чек арадагы жайма базарлар. Суукта кыйналгандарга соопчулук кылган шаардыктар. Сузакта асыл тукум мал баккан чарбагерлер. “Данистенин” жаңы чыгарылышында ушул темаларга даярдалган баяндарды сунуштайбыз.

Azattyk.org 

Сочиге Сирия сүйлөшүүлөрдүн делегаттары чогулууда

Орусиянын Сочи шаарына Сириядагы кырдаалды жөнгө салууну көздөгөн “Улуттук диалог конгресси” деп аталган жыйындын катышуучулары чогулууда. Москва конференцияга 1600дөн ашык делегат келе турганын билдирди. Жыйындын 30-январга белгиленген негизги бөлүгүндө Сириянын жаңы Конституциясын жазуунун жол-жоболору талкууланат. Бирок Сириянын башкы оппозициялык тобу Орусия ортомчулук кылган бул тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпай турганын жарыялаган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сириялык оппозиция... Читать дальше...

Azattyk.org 

Рахмон тажиктерди сарамжалдуулукка үндөдү

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Сада майрамына байланыштуу 29-январдагы телекайрылуусунда жарандарды сарамжалдуулукка чакырды.  "Калктын саны өсүп, азык-түлүктүн баасы жогорулап жатканын эске алганда үнөмдүүлүк жана сарамжалдуулук ар бир адамга жана ар бир үй-бүлөгө мүнөздүү сапатка айланды",-деди Рахмон.  Тажик лидери элди той-аштардагы ашыкча чыгымга тыюу салган "Каада-салтты, салтанат жана жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамдын талаптарын аткарууга үндөдү. Тажикстанда Сада майрамы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: 2017-жылы төрөлгөн балдардын саны азайды

Орусияда 2017-жылы төрөлгөн балдардын саны андан мурдагы жылга салыштырмалуу 10,7 пайызга аз. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик статистика кызматынын 29-январда жарыялаган маалыматында айтылат. Соңку бир жылда кайтыш болгондордун саны 3,9 пайызга азайганы менен калктын санында өсүш байкалган эмес.  2017-жылы Орусияда 1,69 миллион ымыркай төрөлгөн. Бул 2016-жылга караганда 203 миңге аздык кылат. "Росстаттын" маалыматына ылайык, Орусияда төрөлгөн балдардын саны үч жыл катары менен азайып жатат.... Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖЭБдеги бузулуунун себептери айтыла баштады

Бишкек Жылуулук электр борбору шаардыктарга жакын арада жылуулук тийиштүү көлөмдө бериле баштайт деп ишендиргени менен, азыркыга чейин так мөөнөтүн айта албай жатат.

Azattyk.org 

Өзбекстандын мурдагы ички иштер министри кармалды

Өзбекстандын мурдагы ички иштер министри Адхам Ахмедбаев кармалганын укук коргоо органдарындагы эки расмий булак тастыктады. Бирок ага кандай айып тагылып жатканы азырынча белгисиз.  Үч жыл министр болуп иштеген Ахмедбаевди президент Шавкат Мирзиёев 2017-жылдын январь айында кызматтан алган. Ал 26-январда кармалганын аны кармоо үчүн барган офицерлердин бири "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирди. 52 жаштагы экс-министр ички иштер министринин жана башкы прокурордун буйругу менен Ташкенттеги батиринде кармалган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жылуулук борборунун бузулушунун чоо-жайы

Бишкек Жылуулук электр борбору шаардыктарга жакын арада жылуулук тийиштүү көлөмдө бериле баштайт деп ишендиргени менен, азыркыга чейин так мөөнөтүн айта албай жатат. Учурда жылуулук борбордун жетекчилиги от казандарда оңдоо иштери жүрүп жатканын маалымдап, бул иштер кыйынчылыктар менен коштолуп жатканын мойнуна алышты.

Azattyk.org 

Бишкектеги суук бийлик менен элди сынады

Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүшүрүүгө керектүү жабдыктардын иштен чыгышы калаа тургундарынын шаштысын алды. Көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жылуулук тиешелүү деңгээлде берилбегендиктен сууктан улам балдар ооруп жатканына даттанышууда. Ооруканалардагы бейтаптардын шарты деле көңүл жылытпайт.

Azattyk.org 

Орусия: жекшембидеги акцияда кармалгандары көбү коё берилди

Жекшембиде Орусиянын ондогон шаарларындагы президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган акцияларда кармалгандардын басымдуу бөлүгү кайра бошотулду. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирди.  Акцияга байкоо салган өз алдынча "ОВД-Инфо" медиа-долбоору кабарлагандай, 28-январда оппозициячыл активист Алексей Навальный уюштурган жүрүштөрдө баш-аягы 350дөн ашык демонстрант кармалган. Полиция Навальныйдын өзүн да кармап кетип, түнгө жуук кайра бошоткон. Тергөө органдары митингдердин ондогон... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиядагы жүрүштө камалгандар бошотулду

Бүгүн таңга маал Кабулда куралчан топ аскер академиясына чабуул койду. Соңку маалыматтарга караганда 11 аскер мерт болду. Жекшембиде Орусиянын ондогон шаарындагы президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган каршылык акцияларында камалган 350дөй кишинин көбү бошотулду. Алардын арасында жүрүштүн уюштуруучусу, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный да бар. Нью-Йоркто өткөн музыка жаатындагы абройлуу "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде R&B ырчысы Бруно Марс алты номинацияда мыкты аталды.

Azattyk.org 

Сузак: жер көчкү жергиликтүү элди коркуткан жок

Сузак районундагы жер көчкү коркунучунан улам Орток айылындагы 112 бала окуган мектеп жабылып, 150дөн ашык адам коопсуз жайларга көчүрүлүп жатат. Бирок жергиликтүү бийликтин көчүрүү талабына баш ийбеген тургундар аймакта кала берүүдө. Айылдыктар болсо кыш чилдеде көчүүнү каалабай, мектепти убактылуу ачып берүүнү талап кылышууда.

Azattyk.org 

ЖАМК: видеокөзөмөл Текебаевдин макулдугу менен коюлган

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев кармалып турган камерага видео көзөмөл анын макулдугу менен коюлганын билдирүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады. - Видео көзөмөлдү Кылмыш-жаза кодексинини 55-беренесинин негизинде абак жайдын администрациясы койгонго укуктуу. Бизде түрмөлөр лагер түрүндө, ал эми Текебаев отурган жай камера. Ошондуктан анын ден соолугуна, жалпы коопсуздугун камсыз кылуу максатында өзүнүн уруксаты менен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги абал үчүн шаардыктардан кечирим сурады

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча шаар тургундарына кайрылып, кечирим сурады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. “Учурдагы кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарындагы абалдын оордугун жана ушул күндөрү шаар тургундары башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды жакшы түшүнүп турам. Өкмөт башчысы катары түзүлгөн кырдаал үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм жана актангым келбейт. Абал катуу иликтөөгө алынат. Бардык күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланат”... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сулайманов: Текебаев өзү отурган камерага видеокөзөмөл коюлушуна каршы

Кыргызстандагы Кыйноонун алдын алуу борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов бүгүн, 29-январда “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевге кирип чыкты. Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, саясатчы өзү отурган камерага видеокөзөмөл анын уруксаты жок коюлганын жана бул анын жеке жашоосуна кийлигишүү экенин билдирген. - Буга чейин бизге видеокөзөмөл Өмүрбек Текебаевдин макулдугу жок эле коюлганын айтып, саясатчынын жубайы кайрылган. Бүгүн борбордун бир кызматкерин алып, абакка кирип чыктык. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орус спортчулары Паралимпиадага катышууга уруксат алышты

Орусиялык Паралимпиада спортчулары февраль айында Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтүүчү кышкы оюндарга катышууга уруксат алышты. Алар бейтарап желек алдында спорттун беш түрү боюнча мелдешке катышарын Эл аралык паралимпиада комитети дүйшөмбүдө билдирди. Комитет Орусиянын паралимпиада комитети кызытмага каршы күрөштө жылыш жасаганын, өзүнүн таза экенин далилдей алган паралимпиада спортчулары оюндарга катыша алаарын белгиледи.  Эл аралык комитет паралимпиада спортчуларына уруксат бергени менен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сирия оппозициясы Сочи конгрессине катышпайт

Сириянын башкы оппозициялык тобу Орусия демөөрчүлүк кылган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпай турган болду. Москва Сирия боюнча “Улуттук диалог конгресси” деп атаган жыйындын негизги бөлүгү Сочиде 30-январда өткөнү турат.

Azattyk.org 

Израилдин премьер-министри Москвага жөнөдү

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бүгүн Москвага барып, орус президенти Владимир Путин менен жолугат. Анда Сириядагы жаңжал жана Иран маселеси талкууланаарын Нетаньяху Орусияга учуп кетерде журналисттерге билдирди.  Ал Иранды Ливанда "эбегейсиз чоң ракета аймагын" түзүп, "Израилди бутага алгысы келип жатат" деп сындады. Нетаньяху Израил менен Орусиянын Сириядагы күчтөрүнүн аскердик аракеттерин координациялаш үчүн Путин менен байма-бай жолугуп турарын да кошумчалады.  Москва Израил менен да... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек ЖЭБиндеги абалды атайын комиссия иликтейт

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы аварияны иликтеп чыгыш үчүн Экотехинспекциясынын алдында атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн "Улуттук энерго холдинг" ишканасынын жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков маалымат жыйынында билдирди. Комиссия авариянын себебин жана ага жооптуу адамдарды аныктап чыгат. Садыков буга чейин борбордогу азыркы абал жеңил эмес экенин моюнга алып, оңдоо иштери уланып жатканын билдирген. 26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Ошондон бери башкалаанын... Читать дальше...

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Динара Орозбаева: спортчулар — бүгүнкү күндүн баатыры

Кызыл килемдин үстүндө көйкөлгөн балбан кыздар, кычырап костюм шым кийген спортчу жигиттер... Бир жыл тынбай эмгектенген мээнетиң бааланып сыйлык алуу. Мунун баарын жыл сайын өтө турчу "Sports Awards" спортчуларды сыйлоо аземинен көрүүгө болот.


Член СПЧ Ионов: Лия Заурбекова покинула Россию

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об изменениях в налоговом и бюджетном законодательстве России

В Башкирии активировались мошенники, спекулирующие на теме СВО

Собянин представил планы поддержки предпринимательства и развития инноваций



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

ТАСС: замглавы правительства Алтайского края Кибардин задержан в Москве

В Приамурье изъяли из оборота 53 килограмма фальсифицированного сливочного масла

Двое полицейских пострадали при столкновении автомобилей на юге Москвы

Юная красавица-циркачка из Барнаула победила в конкурсе «Мировая модель»

Музыкальные новости

Инсайдер Карпов: "Спартак" выкупил Станковича у "Ференцвароша" за €200 тыс

Состоялась Байкальская театральная школа в Бурятии: Россия и Культура, Дети

СЛД «Чита» филиала «Забайкальский» ООО «ЛокоТех-Сервис» пополнило экспозицию выставки «БАМ: наследие для будущего»

Глава Центробанка РФ: "Я вижу в ЦФА большой потенциал"

Новости России

Член СПЧ Ионов: Лия Заурбекова покинула Россию

Экс-главу правительства Самарской области оставили под стражей

В Башкирии активировались мошенники, спекулирующие на теме СВО

Более 50 килограммов поддельного масла изъяли в Приамурье

Экология в России и мире

Участники Всероссийской олимпиады школьников по математике выбрали Marins Park Hotel Нижний Новгород

Пермский край, Суксунский район

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео

Обращение Аршака Карапетяна к соотечественникам

Спорт в России и мире

Теннисист Медведев может спуститься на пятое место в ATP после "Мастерса" в Риме

Свёнтек высказалась об акции протеста экоактивистов, выбежавших на корты Рима

Теннисист Медведев может потерять свое место в рейтинге ATP

Свёнтек прошла в полуфинал турнира WTA-1000 в Риме

Moscow.media

Завершена надвижка моста в Нагатинском затоне

Вышло обновление системы расширенной аналитики «Дельта BI»

АвтоВАЗ запустит производство доступного семиместного автомобиля "Лада"

Фикс-тариф будет доступен всем пользователям BelkaCar







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *