Орусиядагы жүрүштө камалгандар бошотулду
Бүгүн таңга маал Кабулда куралчан топ аскер академиясына чабуул койду. Соңку маалыматтарга караганда 11 аскер мерт болду. Жекшембиде Орусиянын ондогон шаарындагы президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган каршылык акцияларында камалган 350дөй кишинин көбү бошотулду. Алардын арасында жүрүштүн уюштуруучусу, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный да бар. Нью-Йоркто өткөн музыка жаатындагы абройлуу "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде R&B ырчысы Бруно Марс алты номинацияда мыкты аталды.