Бишкек-Дүйшөмбү: аксаган алака
Кыргызстандын президенти Жээнбеков 1-февралда Тажикстанга расмий иш сапары менен барды. Акыркы жылдары кыргыз-тажик кызматташтыгынын абалы, динамикасы кандай болуп жатат? Эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасы бүгүнкү талапка жооп береби? Чек араны тактоодо эмне үчүн жылыш байкалбайт? Тажикстандагы кыргыздарга өз тилин, маданиятын өнүктүрүүгө шарт түзүлгөнбү? Кыргыз-тажик өкмөттөрү аларга жетиштүү жардам бере алыштыбы? Ушул жана башка маселелерди “Арай көз чарай” берүүбүздө талкуулайбыз.