Жөө жүргөн эл өкүлдөрү жазалансын!
“Жарымы жалган, жарымы чын, // Азыркынын жомогу. // Жарандардын көөнү үчүн, // Айтпасак деги болобу!” Кайсы бир өлкөнүн парламентинде жабык отурум башталаардагы сөздөрдөн үзүндү.
“Жарымы жалган, жарымы чын, // Азыркынын жомогу. // Жарандардын көөнү үчүн, // Айтпасак деги болобу!” Кайсы бир өлкөнүн парламентинде жабык отурум башталаардагы сөздөрдөн үзүндү.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата 1-февраль күнү "Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү Анкарада" аттуу кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө Момунбек Акматкулов, Ормон Идирисов баштаган кыргызстандык беш сүрөтчүнүн Айтматов темасындагы сүрөттөрү коюлган. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги уюштурган бул маданий иш-чарада тарыхый "Саякбай" көркөм тасмасынын бет ачары болуп ага жергиликтүү расмийлер,кыргызстандык эмгек мигранттар, студенттер жана түркиялык Айтматов таануучулар катышты. Читать дальше...
Иран полициясы баш кийим кийүүнү талап кылган мыйзамга нааразылыгын билдирип жоолуктарын чечип салган, 30 чакты аялды кармап кетти. Акыркы бир нече жумадан бери буга чейин анда-санда болуп келген нааразылык акциялары күч алды. Аларга эркектер да тилектештигин билдирүүдө. Кийинип жүрүү тартибин бузган аялдар Иранда бир нече жумага камалышы мүмкүн. (Margot Buff, RFE/RL)
1-февралда Москванын райондук соту Киров облусунун мурдагы губернатору Никита Белыхты пара алгандыгы үчүн айыптуу деп тапты. Өкүм кийин угузулмакчы. Прокуратура экс-губернаторду 10 жылга кесүүнү жана 100 миллион рубль айып пул төлөтүүнү сураган. Белых өзү күнөөсүн моюнга алган жок жана бул ишти атайын кызматтардын чагымы деп эсептейт. Аны кармоону Федералдык коопсуздук кызматынын генералы Олег Феоктистов көзөмөлдөгөн. Ошол эле генерал мурдагы экономика министри Алексей Улюкаевдин иши менен алектенген.
Польшада Холокост боюнча талаштуу мыйзам кабыл алынды. Израил жана Кошмо Штаттар каршылыгын билдирген мыйзамга ылайык, Польшаны фашисттик Германиянын кылмыштары менен байланышта карагандар жазага тартылат. Польша мындай мыйзам өлкөнүн беделин коргоо үчүн керектигин айтууда.
Кыргызстандын президенти Жээнбеков 1-февралда Тажикстанга расмий иш сапары менен барды. Акыркы жылдары кыргыз-тажик кызматташтыгынын абалы, динамикасы кандай болуп жатат? Эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасы бүгүнкү талапка жооп береби? Чек араны тактоодо эмне үчүн жылыш байкалбайт? Тажикстандагы кыргыздарга өз тилин, маданиятын өнүктүрүүгө шарт түзүлгөнбү? Кыргыз-тажик өкмөттөрү аларга жетиштүү жардам бере алыштыбы? Ушул жана башка маселелерди “Арай көз чарай” берүүбүздө талкуулайбыз.
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун тургундары Макмал кенинин базасында курулуп жаткан тоо-кен байытуучу ишканасынын курулушуна каршы митингге чыгышты. 1-февралдагы митингге 500дөн ашуун киши катышканын уюштуруучулар белгилеп жатышат. Ал эми жергиликтүү бийлик алардын саны 150-200 экенин айтты. Митингге катышкандардын бири Таалайбек Бакытбек уулунун “Азаттыкка” кабарлашынча, жергиликтүү тургундар алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын иштешине каршы. -Эгер ошол фабрика ишке кирсе, Чернобыль сыяктуу эле болуп калат экен... Читать дальше...
Жылуулук берүүдөгү өзгөчө кырдаал үчүн премьер-министрдин жана башка жогорку кызмат адамдарынын жекече жоопкерчилиги ачык бойдон калганы парламентте белгиленди.
Польшада Холокост боюнча талаштуу мыйзам кабыл алынды. Эми поляктарды фашисттик Германиянын кылмыштары менен байланыштыргандар жазага тартылат. Акыркы күндөрү Орусиянын атайын кызматтарынын үч жетекчисинин Кошмо Штаттарга барышы адаттан тыш окуя катары сыпатталууда. Айрым сенаторлор бул үчүн президент Трампты катуу сындап жатышат. Спорт боюнча Арбитраждык сот эл аралык мелдештерден өмүр бою четтетилген 43 орусиялык атлеттин 28инен санкцияларды алып салды. Муну менен Орусия Сочидеги командалык биринчилигин кайра калыбына келтирди. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн өкмөт аралык комиссия жакын арада Тажикстанда жыйын өткөрөт. Бул тууралуу чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” билдирди. Ал сүйлөшүүдө негизги тоскоолдуктар чек арадагы эл жайгашкан түз жерлерде болуп жатканын белгилеп, муну жер алмашуу жолу менен чечсе боло турганын кошумчалады. - Биз Баткен районунан беш-алты тилкени алмашуунун жолун Тажикстанга сунуш кылганбыз. Ал жерлерде шахмат... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн өкмөт аралык комиссия жакын арада Тажикстанда жыйын өткөрөт. Бул тууралуу чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” билдирди. Ал сүйлөшүүдө негизги тоскоолдуктар чек арадагы эл жайгашкан түз жерлерде болуп жатканын белгилеп, муну жер алмашуу жолу менен чечсе боло турганын кошумчалады. - Биз Баткен районунан беш-алты тилкени алмашуунун жолун Тажикстанга сунуш кылганбыз. Ал жерлерде шахмат... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чек араны делимитациялоо боюнча түзүлгөн кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясына ишти илгерилетүү боюнча тапшырма беришти. Бул тууралуу кыргыз президентинин Тажикстандагы расмий сапарынын убагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары айтышты. - Эки өлкөнүн чек арасын юридикалык жактан каттоо биздин мамлекеттердин арасында өтө актуалдуу маселелердин бири. Биз чек аранын калган тактала элек бөлүктөрүнүн үстүндө иш алып барууга даярдыгыбызды билдиребиз... Читать дальше...
Пакистандын Кабулдагы элчилигинин алдына чогулган ондогон кишилер нааразылыгын билдирип, ал өлкөнүн желектерин өрттөштү. Ушул эле күнү Ооганстандын расмий делегациясы кошуна өлкөдөн кайтып келген. Кабул Пакистандан ал жакта жашынып жүргөн согушкерлерге каршы чечкиндүү чара көрүүнү талап кылып келатат. Делегацияга кирген Ооганстандын коопсуздук кызматынын башчысы Масум Станкзай жана ички иштер министри Ваис Бармак "жакында Ооганстандын баш калаасында бир нече терактты ишке ашырган экстремисттик... Читать дальше...
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев коомдук транспортто жүргөн кесиптештеринен уяларын айтып, коомчулук сынына кабылды.
1-февралда Бишкекте Британиянын жана Кыргызстандын окуу жайларынын алгачкы форуму өттү. Анын максаты - эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын программасын бири-бирине ылайыкташтыруу.
Жыл башынан бери ооган башкалаасында болгон кол салуулар жүздөгөн бейкүнөө кишинин өмүрүн кыйды. Теракттардын алдын алууга коопсуздук кызматтарынын чамасы эмне себептен жетпей жатат? Кыргызстан Ооганстандагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу кандай чараларды көрүүгө тийиш? Чехиядагы президенттик шайлоодо учурдагы мамлекет башчы жеңди. Парламенттик башкаруудагы Чехия эмне үчүн президенттин жалпы эл тарабынан шайлануусуна өткөн? Чех президентинин ыйгарым укуктары, ички жана тышкы саясатка таасири кандай?
Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында азербайжан элинин белгилүү композитору, коомдук ишмер Кара Караевдин 100 жылдыгына арналган концерт өтөт. 8-февралга белгиленген иш-чараны Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Азербайжан элчилиги менен бирге уюштурууда. Концертке жергиликтүү жана азербайжандык өнөрпоздор катышат. Академик Кара Абулфаз оглу Караев 1918-жылдын 5-февралында төрөлгөн. СССРдин эл артисти, Социалдык эмгектин баатыры жана башка бир канча сыйлыктардын ээси. Читать дальше...
Астанадагы сот Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Нартай Дутбаевди мамлекеттик каражатты кымырып алуу жана арам акчаны адалдоо иши боюнча айыптуу деп таап, 12 жылга абакка кести. Аскердик соттун жаңы өкүмү 26-январда чыкканы маалым болду. Аны менен кошо бул иш боюнча дагы бир нече киши соттолду. Дутбаевдин мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыую салынды. Буга чейин Дутбаев "мамлекеттик сырды шардана кылган" деп 7 жылга эркинен ажыратылган. Адвокаты Негмат... Читать дальше...
Акыркы бир нече убакытта Орусиянын үч атайын кызматынын жетекчилери АКШга барып кетишти. Байкоочулар тараптардын мамилелери чыңалып турган кезде бул өтө таң калычтуу экенин белгилеп жатышат. Орусиянын АКШдагы элчиси Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин Вашингтондо америкалык жооптуу расмий адамдар менен терроризмге каршы күрөш жана башка маселелерди талкуулаганын билдирген. Ошол эле маалда Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников жана Аскердик чалгындоо башкармалыгынын... Читать дальше...
Ысык-Көлдө курут бизнеси күч алып бараткандай. Себеби бул азыкка суроо-талап күчөп, базарларда кап-кабы менен сатылууда. Айрым ишкерлер айылдарда биригип курут жасап сата башташты. Айыл эли бул бизнести өкмөт колдосо, чет жакка экспорттоого жол ачылмак дешет. Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы курут жасагандардын иши менен кабарчыбыз таанышып келди.
Эки апта мурун эркиндикке чыккан, "Дөө" деген каймана ат менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов кайра камакка алынды. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф Жогорку сот ушундай чечим чыгарганын "Азаттык" радиосуна билдирди: - Жогорку сот Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу боюнча ишти карап, Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Айыпталуучу бүгүн №3 колонияга киргизилди. Бишкектин Ленин райондук соту 17-январда кримчөйрөдө "Дөө" деген каймана ат менен таанымал... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев коомдук транспортто жүргөн кесиптештеринен уяларын билдирди. Парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунун эсеби боюнча парламенттин эң аз дегенде төрт депутаты коомдук транспорт менен каттайт. Бишкек тургундары эмнеден уялат сурап көрөлү...
Спорт боюнча эл аралык арбитраждык сот орусиялык 28 спортчунун арызын канааттандырды. Допинг колдонгону үчүн өмүрүнүн аягына чейин Олимпиадалардан четтетилген орусиялык 39 спортчу сотко кайрылган. Сөз болгон 28 атлетке каршы санкциялар жокко чыгарылды, алардын Сочидеги кышкы оюндардагы жыйынтыктары калыбына келтирилет. Орусиялык спортчулар Денис Освалддын комиссиясы жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан четтетилген. Комиссия Сочидеги допинг-анализдерди кайра текшерип чыккан. Читать дальше...
Афганистандык кичинекей бала желим пакеттен жасалып, Мессинин аты жазылган футболканы кийип топ тээп жүргөн сүрөтү интернет айдыңына жайылып кеткенден кийин дүйнөгө таанылган.
Тажикстанга расмий иш сапары менен барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду 1-февралда премьер-министр Кохир Расулзаде Дүйшөмбү аэропортунан тосуп алды. Аба майданына ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илингенин кыргыз мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Андан соң Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен чакан чөйрөдө жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында эки мамлекеттин башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышмакчы. Эки... Читать дальше...