Анкарада Айтматовдун сүрөт көргөзмөсү ачылды
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата 1-февраль күнү "Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү Анкарада" аттуу кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Көргөзмөдө Момунбек Акматкулов, Ормон Идирисов баштаган кыргызстандык беш сүрөтчүнүн Айтматов темасындагы сүрөттөрү коюлган.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги уюштурган бул маданий иш-чарада тарыхый "Саякбай" көркөм тасмасынын бет ачары болуп ага жергиликтүү расмийлер,кыргызстандык эмгек мигранттар, студенттер жана түркиялык Айтматов таануучулар катышты.
Түрк маданиятынын эл аралык уюму (Түрксой) 2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялаган. Залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата Түркиянын булуң-бурчунда ар түрдүү маданий иш-чаралар пландаштырылууда. (ElB)