Каныбек Жолчубеков: жубайым эки балама кошуп мени да тарбиялап жатат
Документтеги атым Каныбек, бирок, азан чакырылган ысымым Калыбек. Өзүбүз деле билген эмеспиз. Паспорт алганы барганда "л" эмес, "н" деп жазылып калыптыр. Мелдештерде документ боюнча чакырышкандыктан коомчулукка Каныбек Жолчубеков деп таанылып калдым.