Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Февраль
2018

Новости за 03.02.2018

Azattyk.org 

Орусиялык алты атлетчинин олимпиада тууралуу арызы четке кагылды

Швейцариянын Федералдык соту орусиялык алты спортчунун Эл аралык олимпиада комитетинин чечиминин үстүнөн берген доо арызын четке какты. Бул тууралуу Insidethegames спорт порталы билдирди.  Орусиялык атлетчилер Александр Логинов, Ирина Старых, Денис Юсков, Павел Кулижников, Дмитрий Васильев жана Татьяна Берегулина Түштүк Кореядагы кышкы олимпиада оюндарына чакыруу тууралуу өтүнүчтөрү четка кагылгандан кийин сотко кайрылган. Алты спортчу тең буга чейин кызытма колдонду деген негизде оюндардан четтетилген... Читать дальше...

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Каныбек Жолчубеков: жубайым эки балама кошуп мени да тарбиялап жатат

Документтеги атым Каныбек, бирок, азан чакырылган ысымым Калыбек. Өзүбүз деле билген эмеспиз. Паспорт алганы барганда "л" эмес, "н" деп жазылып калыптыр. Мелдештерде документ боюнча чакырышкандыктан коомчулукка Каныбек Жолчубеков деп таанылып калдым.

Azattyk.org 

Ош облусунда 3,5 баллдык жер титирөө болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 3-февралда саат 15.03тө Ош облусунун аймагында катталган жер титирөөнүн очогу Чоң-Алай районунда болуп, күчү 3,5 баллды түздү.  Силкинүү Чоң-Алай районунун Кара-Кабак, Кашка-Суу айылдарында 2,5 балл, Алай районунун Талды-Суу, Сары-Могол айылдарында 2 баллга сезилген. Бүгүн эртең менен Чүй жана Жалал-Абад облустарында да күчү 3-3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Azattyk.org 

ЖАМК ачкачылык кармагандардын абалы тууралуу маалымат бере элек

Кыргызстандын Жазаларды аткаруу кызматы абакта ачкачылык кармаган оппозициячылардын абалы тууралуу маалымат бере элек. Мекеменин өкүлдөрүнөн кабар алуу мүмкүн болбой жатат. "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюму Бектур Асановдун кургак ачкачылык кармаганына бүгүн беш күн болгонун жана ал жакында эле операция болуп, өтүн алдырганына байланыштуу кан басымы төмөндөп, эс-учун жоготушу мүмкүндүгүн билдирди. Маалыматка караганда, Эрнест Карыбеков төрт күн, Кубанычбек Кадыров үч күндөн бери кургак ачкачылык кармап жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ менен Украинанын коргоо министрлери жолугушту  

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис украиналык кесиптеши Степан Полторак менен 2-февралда Пентагондо кездешти. Американын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүдө негизинен танкка каршы Javelin ракеталык комплексин Украинага берүү тууралуу сөз болду. Бул комплекс Украинага качан берилет деген суроого Полторак аларды өткөрүп берүү чечими "өз убагында" кабыл алынат деген жооп кайтарды. Ал ошондой эле танкка каршы ракеталык комплекстин берилиши "Украина Орусия менен бетме-бет, жалгыз калбаганын күбөлөндүрөт" деп кошумчалады.

Azattyk.org 

ӨКМ: тоолуу жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыргызстанда 3-февралдан 5-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу тоолуу райондордо көчкү жүрүү коркунучу сакталууда.  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка караганда, бул мезгил аралыгында Бишкек-Ош жолунун 198-265 чакырымдарында жайгашкан Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында, Тамчы участогунун 74-78 чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак жана кар күрткү болот. Айдоочуларга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: кар жаайт

Кыргызстанда 4-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6; Таласта түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...-6; Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...3; Баткенде түнкүсүн -3...-8... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ жаңы өзөктүк доктринасын жарыялады   

АКШнын Коргоо министрлиги жарыялаган жаңы өзөктүк доктринада Орусия тараптан туулган коркунучтарга байланыштуу өзөктүк мүмкүнчүлүк жогорулашы ыктымалдыгы жазылган.  Документте Орусия менен Кытай тараптан коркунуч бар экени белгиленген. Ошондой эле Вашингтон Орусия менен Кытайды "душман" катары көргүсү келбей турганы, бирок аталган эки мамлекет тынчсыздануу жаратары, ага карабай алакалар туруктуу болоруна үмүт бардыгы айтылат.    Reuters агенттиги доктринадагы "Биздин стратегия Орусияга өзөктүк... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жоолук күнү Кыргызстанда да белгиленди

Кыргызстанда Жоолук күнү белгиленди. “Умма” ислам журналы уюштурган иш-чара быйыл төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Жоолук күнүндө жоолуктун исламдагы, дегеле аялзатынын жашоосундагы орду тууралуу айтылып, бүгүнкү күндө жоолук салынган кыздардын кандай көйгөйлөргө туш болору, калыптанган жаңылыш ой-пикирлерди жокко чыгаруу маселелери көтөрүлдү.

Azattyk.org 

Тажикстан: мыйзамсыз курулган мечит жабылат

Тажикстанда мыйзамсыз курулган мечиттер жабылууда. Түркмөнстан Азербайжанга экспорттогон газын алты эсе көбөйттү. Орусия Казакстанга Байкоңур үчүн баш-аягы 2,6 миллиард доллар төлөдү. Орусияда калктын саны мигранттар менен толукталып келет.

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук борборуна жаңы жетекчи дайындалды

Бишкек Жылуулук электр борборунун директору болуп Андрей Воропаев дайындалды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди. Анын айтымында, Воропаев буга чейин аталган борбордун электр жабдуулар боюнча башкы инженеринин орун басары болуп иштеген. Энергетика тармагында 26 жылдан ашык эмгектеген жана 2003-2017-жылдары Бишкек ЖЭБин жетектеген.   1-февралда "Улуттук энергохолдинг" Бишкек шаардык жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүй облустук сотунун судьялары дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков "Чүй облустук сотунун судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Сотторду тандоо кеңеши буга чейин сегиз талапкер боюнча сунуш берген. Жээнбеков талапкерлер менен 26-январда аңгемелешкен. Анын жыйынтыгын жана башка кошумча материалдарды эске алуу менен президент сунушталгандардын ичинен алты судьянын талапкерлигин жактырды. Ал эми эки талапкер боюнча материалдарды Сотторду тандоо  кеңешине кайтарды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда жоолук күнү белгиленип жатат

“Умма” ислам журналы эл аралык жоолук күнүнө байланыштуу Бишкекте иш-чара уюштурду. Анда аялдарга пайдалуу кеңештер, жоолукту тыкан жана жарашыктуу салынуу, кол өнөрчүлүк боюнча акысыз мастер-класстар, сынактар өткөрүлдү. Уюштуруучулардын айтымында, муну менен элге жоолуктун исламдагы, аялзатынын жашоосундагы орду тууралуу маалымат берүү максат кылынууда. Ошондой эле жоолук салынган кыздардын көйгөйлөрү, алар тууралуу коомдо калыптанып калган ой-пикирлерди жокко чыгарууга чакырык ташталды. Кыз-келиндерди үй-бүлө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Испания орусиялык хакерди АКШга экстрадициялады

Испан бийлиги орусиялык программист Петр Левашевди АКШга өткөрүп берди. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. Кошмо Штаттар Левашевди киберчабуул боюнча айыптап жатат.  Программистке байланышкан АКШдагы биринчи сот Коннектикутта болуп, Левашев айыптоодо көрсөтүлгөн сегиз пункттун баарын четке какканын "РИА Новости" агенттигине адвокат Игорь Литвак маалымдады.  Петр Левашев былтыр апрелде Барселонада кармалган. Америка аны "спам тараткан вирусу бар компьютерлерди түзгөн жана аларды глобалдык түйүндө башкарган... Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖЭБ кызматкерлери: күнөөнү директорго оодаруу адилетсиз

Бишкек Жылуулук электр борборунун эмгек жамаатынын өкүлдөрү өткөн аптада түзүлгөн кырдаал үчүн күнөөнүн баарын кызматынан убактылуу четтеген жетекчиге жана персоналга оодаруу адилетсиз болорун айтып чыгышты. Бул тууралуу алар 2-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдиришти. Аталган ишкананын кезмет бөлүмүнүн башчысы Калысбек Жаманкулов ЖЭБдеги кырдаал жетекчи менен кызматкерлерден көз каранды эместигин, Кытай насыясына оңдолгон жаңы блокту тез арада ишке киргизүүгө мүмкүн болбогонун жана буга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Айылдаштарын тилдеген айыл башчы

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримовдун өз айылдаштары менен жаңжалдашып жаткан видеосу Интернетке тарады. Видеодо сөгүш уккандар мыйзамсыз жер саткан жер адисинин үстүнөн арызданып кирип, айыл өкмөттөн кагуу жегенин билдиришкен. Ал эми айыл өкмөт башчы болсо жаңжал айыл башчылык кызмат талашуудан улам чыкканын билдирди.

Azattyk.org 

Беш уулу менен атылган Нияз молдо

Совет бийлигине колунан келишинче кызмат өтөгөн, кысталыш учурларда жалпы элдин таламын талашып чыккан Нияз молдо 1934-жылы беш баласы, туугандары менен жалган жалаанын курмандыгына айланган.

Azattyk.org 

Камактагы саясатчылардын жакындары президентке кайрылышты

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакка алынган үч оппозициячынын жакындары президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошту. Анда абактагылар далилсиз, саясий буюртма менен камалганы айтылып, аларды бошотуу өтүнүчү камтылган. Бул тууралуу камактагы Бектур Асановдун бир тууганы Гүлжан Асанова  "Азаттык" радиосуна билдирди. Кайрылууда "Урматтуу президент, алар ууру, коррупционер, алдамчы эмес. Болгону, бийликке ачуу сын айтканы үчүн түрмөдө отурушат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Москва Астанадан жер сурады

Москва Астанадан Байкоңурдан учурулган ракета калдыктары үчүн кошумча жер сурап жатат. Казак өкмөтү ракета ташыган спутниктин калдыктары үчүн жаратылыш коругунун аймагын берүүнү ылайык көрүүдө. Бул болсо казак коомчулугунун каршылыгын жаратты.

Azattyk.org 

Эки президент чек араны чечүүгө бел байлады

Чек ара маселеси президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга расмий сапары учурунда тажик президенти менен талкууланып, чек араны делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин активдештирүүгө токтолушту.

Azattyk.org 

Чүйдө жана Жалал-Абадда жер титиреди

Бүгүн эртең менен Чүй жана Жалал-Абад облусунда эки жолу жер титирөө болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, саат 9.44төгү Чүй облусундагы силкинүүнүн очогу Пригородное айылынан 13 чакырым түштүк-батышта, Арпа-Тектир айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Токмок шаарынан 38 чакырым түштүктө жана Бишкек шаарынан 70 чакырым түштүк-чыгышта жайгашты. Анын күчү очогунда 3,5 балл болду. Пригородное айылында 3, Арпа-Тектир, Кегети, Кошой, Карагул жана Чоң-Жар айылдарында 2,5 балл сезилген. Мындан көп өтпөй... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажик бийлиги эски машинелерди өлкөгө алып келүүгө тыюу салды

Тажикстандын өкмөтү 2005-жылга чейин чыккан автоунааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган токтом кабыл алды. Токтом 15-февралдан баштап күчүнө кирет. Тажикстанга жеңил автоунаалар Балтика жана Европа өлкөлөрүнөн келет. Көбү 2000-2005-жылдарда чыккан. Импорттолгон автомобилдердин 80% Германия өндүрүшүнө таандык, алардын көбү Opel үлгүсүндөгү машинелер. 2016-жылдын аягында Тажикстанда жарым миллион автоунаа каттоодон өткөн. Алардын 50-60% эски экени айтылган. Айлана-чөйрөнү коргоо комитети мындай машинелер абаны булгап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте белгисиз киши милиция кызматкерин атып кетти

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда милиция кызматкери белгисиз киши аткан октон жаракат алды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, кол салуу 2-февралда түнкү саат 23:45 чамасында болгон. Бул маалда милиционер кызматтык милдетин аткарып жаткан. Жараат алган милиция кыматкери ооруканага жеткирилген. Азыр анын абалы тууралуу маалымат бериле элек. Чүй облусу менен Бишкекте кылмышкерди кармоо операциясы жүрүп жатканы кабарланды.


Член СПЧ Ионов: Лия Заурбекова покинула Россию

Синоптик пообещал москвичам солнечные и теплые выходные

ТАСС: в Москве задержали зампреда правительства Алтайского края

Мария Багреева: контрактная система Москвы ...



Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

​Наращивают киловатты. В 2023 году в Пермском крае зарегистрировали почти 1,7 тыс. электрокаров

Турнир по шашкам пройдет в центрах московского долголетия

ТАСС: в Москве задержали зампреда правительства Алтайского края

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о повышении спроса на приобретение частных домов среди россиян

Музыкальные новости

СЛД «Чита» филиала «Забайкальский» ООО «ЛокоТех-Сервис» пополнило экспозицию выставки «БАМ: наследие для будущего»

Новые городские проекты в сотрудничестве с парком Юрия Лужкова готовит Фонд Юрия Лужкова

Каратисты завоевали бронзу на Всероссийских соревнованиях по каратэ «Кубок Танкограда»

ООН незаметно признала Путина: Сообщено об официальном письме

Новости России

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о повышении спроса на приобретение частных домов среди россиян

Актер из «Папиных дочек» пропал в Москве

Двух лжесоцработниц задержала полиция Подмосковья за кражу из квартиры пенсионерки свыше 1 млн рублей

В Приамурье изъяли из оборота 53 килограмма фальсифицированного сливочного масла

Экология в России и мире

Не чувствую руку: Доктор Кутушов рассказал к чему приводит частое онемение конечностей

Россия, Культура, Дети: конкурс на новую эмблему обьявил Театр Ульгэр в Республике Бурятия

"Глория Джинс" открывает первые магазины Ready! Steady! Go!

Семьи со всего Уральского федерального округа приняли участие в конкурсе «Это у нас семейное»

Спорт в России и мире

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Риме

Виктория Азаренко пробилась в четвертьфинал турнира WTA в Риме

Без защиты: как Медведев и Хачанов проиграли свои матчи в Риме

Хачанов проиграл Табило в 1/8 финала «Мастерса» в Риме

Moscow.media

Фестивальный праздник «Музыка моего города» в Улан-Удэ включил в программу спектакль Театра кукол «Ульгэр»: Россия и Культура, Праздник и Дети

Завершена надвижка моста в Нагатинском затоне

Седая весна...

Игровые клавиатуры Bloody S515R, B825R: механические свитчи и подставка под запястья







Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *