Бажыдагы миллиарддар: учугу уланабы?
Бажы кызматы быйыл январь айында бажы төлөмдөрү бир нече эсеге көбөйгөнүн жарыя кылды. Бажыдагы төлөмдөр түштүк аймагында күнүнө он эсеге чейин көбөйгөнүн кабарланды. Өлкөдөгү коррупциялашкан тармактардын бири катар аталып келген Бажыдагы акыркы жыйынтыктар жемкордукка каршы күрөш жыйынтыгыбы же өкмөттүн кезектеги пиар кадамыбы?