Сирияда набыт кеткен орус учкучунун сөөгү мекенине кайтарылды
Сирияда набыт кеткен орусиялык учкучтун сөөгү 6-февралда мекенине кайтарылды. Маркум Роман Филипповго "Орусиянын Баатыры" деген наам ыйгарылды. СУ-25 аскер учагы 3-февралда Идлиб чөлкөмүндө исламчы жоочулар тарабынан атып түшүрүлгөн. Учкуч Филиппов секирүүгө үлгүргөн, бирок аткылашууда набыт болгон. Орусия Сириядагы аскердик иш-аракеттерин 2015-жылдын күзүнөн бери жүргүзүп келатат. Президент Владимир Путин орус аскерлерин чыгаруу тууралуу буйругун бир нече жолу кайталаган. Расмий маалыматтар... Читать дальше...