Иракты кайра курууга 88 миллиард доллар керектелет
Ирак өкмөтүнүн мындай эсеби бүгүн Кувейттеги эл аралык конференцияда жарыяланды.
Анда ирактык расмий адамдар билдиришкендей, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен дээрлик үч жылга созулган согуштан кийинки кайра куруу иштеринин куну кеминде 88,2 миллиард долларга турат.
Пландоо иштери боюнча министр Салман ал-Жумаилинин айтымында, Ирактын турукташуусу чөлкөмдүн калган мамлекеттерин да турукташтырат.
“Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө өкмөткө чечүүчү жардам берген эл аралык коалициянын башында турган АКШ Кувейттеги конференцияда кандайдыр өлчөмдө каражат бөлүүгө убада берген жок. Бул тууралуу америкалык расмий өкүлдөр билдиришти.
“Ислам мамлекети” тобун жеңгенин Ирактын өкмөтү былтыр декабрда жарыялаган. Уруштарда жана аскердик операциялардын жүрүшүндө өлкө аймагынын чоң бөлүгү талкаланып, миллиондогон адамдар жер которууга аргасыз болгон. (UE)