Пхёнчхаң оюндары: кызыктын баары алдыда
Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында кышкы Олимпиада уланууда. 12-февраль кандай жыйынтыктарды берип, эмне жаңылыктар чыкты?
Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында кышкы Олимпиада уланууда. 12-февраль кандай жыйынтыктарды берип, эмне жаңылыктар чыкты?
Грузиянын мурдагы президенти, Украинада оппозициячыл саясатчыга айланган Михаил Саакашвили 12-февралда Киевден Польшага депортацияланганына байланыштуу Facebook баракчасында видео билдирүү жасады. “Мага каршы кылмыш иши толугу менен жалган. Путин, Порошенко жана Иванишвили менден кутулууну каалап жатышат”,- деген Саакашвили өз жактоочуларын тынчтыкка да чакырды. Ал Иванишвили дегенде Грузиянын мурдагы премьер-министри Бидзина Иванишвилини эске алды. Украин чек ара кызматы Саакашвилинин өлкөдөн... Читать дальше...
Грузиянын мурдагы президенти, Украинада “Жаңы күчтөрдүн кыймылы” деген оппозициячыл бирикмеге лидерлик кылган Михаил Саакашвили “ал өзү келген өлкөгө депортацияланганын" бир аз мурда Украинанын Чек ара кызматы жасады. Чек ара кызматынын расмий өкүлү Олег Слободиан Грузиянын мурдагы президенти кайсы өлкөгө депортацияланганын так айткан жок. Бирок Саакашвили акыркы ирет Украинага Польшадан келген. Мунун алдында бүгүн Саакашвили Киевде аны “уурдагандар” тарабынан кармалып, аэропортко алынып кеткени тууралуу кабарлар түшкөн. Читать дальше...
Кыргызстанда "Акылдуу шаар" долбоору Дубай шаарынын технологиялык үлгүсүндө ишке ашырылышы мүмкүн.
Таштанды жайдагы Алтын-Казык башаламан конушундагы жашоо, Жети-Өгүздө өлбөстүн күнүн көрүп жашап жаткан майып балалуу ата-эне, Кара-Буурада эл эски мектепке балдарын окууга жиберүүдөн баш тартабыз деп жатышат, кыргыз телерадиосу жана уюктук байланышы жетпеген Баткендеги айыл, Ак-Талаада цехтерди ачып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардамы тийип жаткан ишкер айым, кыргызстандык 17 жаштагы кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси Алина Камалова тууралуу баян.
“Техрик-и-Талибан Пакистан” кыймылында жол башчынын орун басары болгон Халид Мехсуд АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынан урулган соккунун натыйжасында жок кылынган. Окуя Пакистандын уруулар жашаган Түндүк Вазирстан аймагындагы Горвак кыштагында болгонун аталган кыймылдын өкүлү Азам Тарик Мехсуд ырастады. Буга чейин Пакистандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү "Сажна" деген каймана аты бар Халид Мехсуд Ооганстандын Пакистан менен чек арага жакын Пактика провинциясында өлтүрүлгөнүн маалымдашкан. ... Читать дальше...
“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев бул тууралуу 24.кг агенттиги менен болгон маегинде билдирди. Абактагы саясатчыдан анын адвокаты аркылуу жазуу жүзүндө алынган интервью бүгүн жарыяланды. 24.кг агенттигинин: “Сиз азыр өз саясий ишмердигиңиздеги эң ири саясий ката деп эмнени моюнга аласыз?” деген суроосуна Өмүрбек Текебаев: “2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин президент Роза Отунбаева Конституцияга ылайык КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевге өкмөт куроону тапшырды. Алмазбек Атамбаев муну ойрон кылды. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы төрага жана КСДПнын мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Азаттыктын” 2х1 форматындагы суроолоруна жооп берди. Саясатчыга анын КСДПдагы азыркы орду, саясий келечеги, жаңы президенттин, парламенттин ишмердиги, кылмыш иши козголгон, кесилген саясатчылардын, айып тартып жаткан журналисттердин укуктары, саясатчынын байлыгы тууралуу суроолор берилди.
"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенди" деп соттолгон абактагы саясатчылар ачкачылык акциясын улантууда. Алардын жакындары ачкачылык кармагандардын абалы начарлап кеткенин билдирип жатышат. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абактагы саясатчылар дарыгерлердин көзөмөлүндө, саламаттыгы канааттандыраарлык экенин билдирип жатат.
Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы “Жаңы күчтөрдүн кыймылы” деген оппозициячыл бирикменин лидери Михаил Саакашвили Киевде бүгүн кармалды. Бул тууралуу анын кызматташтарынын бири Давид Сакварелидзе билдирди. Анын айтымында, Саакашвилини ресторандан беткапчан адамдар кармап, кичи автобус менен белгисиз тарапка алып кетишкен. Грузиянын экс-президентин, Одесса облусунун мурдагы губернаторун кимдер кармаганы азырынча белгисиз. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Киевдеги кабарчысына Украинанын Коопсуздук кызматынын... Читать дальше...
Москванын сыртында кыйраган Ан-148 учагындагы 71 киши курман болгонун Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги бышыктады. “Саратов аба жолдорунун” жүргүнчү ташыган учагы жекшембиде түштөн кийин Москванын “Домодедово” аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин байланыш үзүлгөн. Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тергөөчүлөрдүн тобу иштеп жатат. Оренбург облусунда дүйшөмбүдө аза күтүү жарыяланды.
Мындай билдирүүнү бүгүн Орусиянын Тергөө комитети таратты. Бул мекеменин маалыматына караганда, “кыйроо учурунда учактын бортунда эч кандай өрт чыкпаганы, ал жерге кулагандан кийин гана жарылганы аныкталды”. Орусиядагы бийлик өкүлдөрү "жүргүнчү учактын кыйрашы - теракттын натыйжасы эмес" деген ишенимде экенин ишарат кылышууда. Алар кырсыктын болжолдуу себептерин азырынча жарыялай элек, бирок баардык жагдайлар, анын ичинде учактын техникалык абалы, учкучтардын тажрыйбасы да каралаарын билдирип жатышат. Читать дальше...
Аксыда мугалимдерди автоунаа менен сүзүп кетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ага күнөөлүү катары шек саналган милиционер камакка алынды.
Аксыда мугалимдерди автоунаа менен сүзүп кетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ага күнөөлүү катары шек саналган милиционер камакка алынды.
Ата мекендик дипломат оюнчулар төрт өлкөнүн элчиликтеринин командалары менен беттешкен
Өткөн дем алышта Сирияда кагылышуу кайрадан күчөдү. Чабуул коюп жүргөн Израилдин учагы атып түшүрүлдү. Африндеги кагылышууда ондогон өмүрлөр кыйылды. Улуттар Уюму болсо февралдын башынан бери эле аба чабуулдарынан миңден ашуун карапайым адам кырылганы тууралуу коңгуроо кагууда.
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын "Тышкы иштер министрлигинен мыйзамга туура келбеген тапшырмалар берилет” деген билдирүүсү ар кандай талкууланууда. Айрым дипломаттар элчини "кызматтык этиканы бузду" деп сындаса, башкалар Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигинде жедеп бышып жетилген маселени көтөрүп чыкканын колдошту.
"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенди" деген айып менен соттолуп, камакта отурган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков ачкачылык кармоону улантып жатышат. Адвокат Марс Кыдыкбаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, алар коюлган талаптар аткарылмайынча ачкачылыктан баш тартай турганын айтышкан: - Булар "акырына чейин барабыз" деп атышпады беле. Ачкачылыкты токтотпойт. "Кургак ачкачылыктан" баш тартышы мүмкүн. Бирок "ачкачылыкты улантабыз, токтотпойбуз" деп атышат. Чынын айтканда... Читать дальше...
Ирак өкмөтүнүн мындай эсеби бүгүн Кувейттеги эл аралык конференцияда жарыяланды. Анда ирактык расмий адамдар билдиришкендей, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен дээрлик үч жылга созулган согуштан кийинки кайра куруу иштеринин куну кеминде 88,2 миллиард долларга турат. Пландоо иштери боюнча министр Салман ал-Жумаилинин айтымында, Ирактын турукташуусу чөлкөмдүн калган мамлекеттерин да турукташтырат. “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө өкмөткө чечүүчү жардам берген эл аралык коалициянын... Читать дальше...
Бул тууралуу Орусиянын расмий өкүлдөрү билдирди. Алардын айтымында, издөө иштерин кырсык болгон аймактагы катаал жер шарттары, анын ичинде кардын калыңдыгы да кыйынчылыкка учуратууда. Ушул сааттарга карата АН-148 учагынын "кара кутучулары" табылганы боюнча карама-каршылыктуу маалыматтар келип жатат. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ кечинде жана түндө эки жүргүнчүнүн сөөгү жана өлүктөрдүн 200дөй бөлүгү табылганын кабарлаган. “Саратов аба жолдорунун” учагы кечээ Москванын Домодедово... Читать дальше...
Денесине алган катуу жаракаттардан кийин чарчап калган 2 жаш 8 айлык наристенин энесинин туугандары баланын сөөгүн ооруканадан алып кетүүдөн баш тартты. Буга байланыштуу сөөктү жерге берүүнү бүгүн Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы уюштурду. Аталган мекеме билдиргендей, баланын апасынын туугандары кызы 2014-жылы үйүнөн кетип, өз алдынча күн көрүп жүргөнүн айтышкан. Баланын атасы ким экенин жакындары да билбейт экен. 4-февралда Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө оор жараат алып, эстен танган баланы энеси алып келген. Читать дальше...
Орусияда кыйраган Ан-148 учагындагы 71 киши курман болгонун Саламаттык сактоо министрлиги бышыктады. “Саратов аба жолдорунун” жүргүнчү ташыган учагы жекшембиде түштөн кийин Москванын “Домодедово” аэропортунан учуп чыккандан төрт мүнөттөн кийин радардан жоголгон. Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тергөөчүлөрдүн тобу иштеп жатат. Орусиянын Оренбург облусунда бүгүн аза күтүү жарыяланган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султандын билдирүүсүнө байланышкан маселени карайт. Мекеменин маалымат департаментинин жетекчиси Муратбек Азымбакиевдин “Азаттыкка” айтканы боюнча, Кылычбек Султан өз билдирүүсү менен “ката кетирип койду”. Азымбакиев элчи жарыялаган катта айтылган адамдар мамлекеттик кызматкерлер болгондуктан элчилик аларга көмөк көрсөтүшү зарыл экенин билдирди: - Алар Түштүк Кореяга расмий иш-чарага бараткан аскер адамдары болчу. Аны биздин... Читать дальше...
Бул тууралуу Ак үй менен Анкаранын өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийинки билдирүүдө айтылды. Билдирүүдө көргөзүлгөндөй, президент Доналд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер жана президент Режеп Тайып Эрдогандын атайын кеңешчиси Ибрагим Калын эки тараптуу карым-катышка таасирин тийгизген маселелерге кайрылып, терроризмдин баардык формаларына каршы биргелешкен күрөштү кеңейтүүнүн жолдорун карашкан. Тараптар ошондой эле “узактан берки өнөктөштөр катары АКШ менен Түркиянын мамилеси... Читать дальше...
Түркиядагы "Кыргыз түрктөрү" маданият коомунун мүчөсү Бүнямин Токер "Азаттыкка" билдиргендей, Сириянын Африн аймагында операцияга катышып жүргөн түрк армиясынын катарында вандык жыйырмадай кыргыз бар. - Биз Анкара шаарында кыргыздар чогулуп, Афринде согушуп жаткан аскерлерибизге колдоо жана көңүл буруу үчүн боз үй тигип, палоо басып элге тараттык. Миңдеген түрк аскерлеринин арасында биздин Улуу Памир айылынан жыйырмадай жигит жүрөт, - деди ал. Түркия Сириянын түндүк-батышындагы “Зайтун бутагы”... Читать дальше...