Орусия: Ан-148 учагы жерге тийгенде жарылган
Москванын сыртында кыйраган Ан-148 учагындагы 71 киши курман болгонун Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги бышыктады. “Саратов аба жолдорунун” жүргүнчү ташыган учагы жекшембиде түштөн кийин Москванын “Домодедово” аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин байланыш үзүлгөн. Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тергөөчүлөрдүн тобу иштеп жатат. Оренбург облусунда дүйшөмбүдө аза күтүү жарыяланды.