Сирия: ар тараптуу айыгыш күчөдү
Өткөн дем алышта Сирияда кагылышуу кайрадан күчөдү. Чабуул коюп жүргөн Израилдин учагы атып түшүрүлдү. Африндеги кагылышууда ондогон өмүрлөр кыйылды. Улуттар Уюму болсо февралдын башынан бери эле аба чабуулдарынан миңден ашуун карапайым адам кырылганы тууралуу коңгуроо кагууда.